Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 6-апрели № 40
Укуктук иштерди өркүндөтүү, юридикалык кызматтын кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттерин регламенттөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча алардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын иштелип жаткан долбоорлорунун сапатын талаптагыдай камсыздоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын юристтеринин ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунушту жана ченем жаратуучу техника боюнча маалымдаманын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, зарыл документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко чакан топторду түзүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин колдоо маселелерин иштеп чыксын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Абилов Улан Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Тенизбаев Бектур Алматаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Календеров Улугбек Ибраимович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Токсойбаев Манасбек Эсенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги; |
Джумабаева Индира Турганбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык секторунун башчысы; |
Баетов Айкол Байышович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бекматова Роза Кубаталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ызакова Сайра Темирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана калктын мүлккө болгон укуктарын каттоо жана архив чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси; |
Джаманкулов Азамат Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Сагынбаева Аида Чоюнбековна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору; |
Курманалиева Даражан Эрнусовна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эксперти; |
Абдрахманов Нурлан Жибекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Ташиева Перизат Жапаркуловна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Байбураева Айгуль Бекишовна | - | БУУӨПтүн укуктун үстөмдүгү боюнча программанын кеңешчиси; |
Умралиев Табылды Дуйшекеевич | - | "Укуктук изилдөөлөр борбору" коомдук фондунун директору, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кодуранова Аяна Абдысабитовна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Пазылов Эрбол Абибиллаевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |