Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 4-апрели № 136-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" I бөлүмү:

- "Жалал-Абад облусунун дарылоо-алдын алуу мекемелери" 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 55, 56, 57 жана 58-пункттар менен толукталсын:

"55. Аксы стоматологиялык бейтапканасы

56. Майлуу-Суу стоматологиялык бейтапканасы

57. Октябрь оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору

58. Токтогул стоматологиялык бейтапканасы";

- "Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдары" 7-главасы:

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Ош адистештирилген ооруканасы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 59, 60 жана 61-пункттар менен толукталсын:

"59. Алай стоматологиялык бейтапканасы

60. Араван стоматологиялык бейтапканасы

61. Кара- Кулжа стоматологиялык бейтапканасы";

- "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13. "Арония фарм" жоопкерчилиги чектелген коому";

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 72-пункт менен толукталсын:

"72. "Кыргыз Алко Трейд" жоопкерчилиги чектелген коому".

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев