Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 20-апрели № 178-б
Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 2016-жылдын 21-апрелинде болуучу "САSА-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары - Өкмөттөр аралык кеңеш) кезектеги жыйынына катышуу үчүн:
1. Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өкмөттөр аралык кеңештин "САSА-1000" электр энергиясын берүү боюнча долбоорду кайра түзүмдөштүрүү жана долбоорду колдоого байланышкан маселелерди жактыруу жөнүндө" резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Резолюциянын долбооруна жана Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтык документтерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, делегациянын башчысы; |
Анарбаев Анвар Арсланович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору; |
Оскомбаев Марат Салмурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар программалары бөлүмүнүн башчысы; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Айткулов Медетбек Ашыркулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Толубаев Таалайбек Матмусаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |