Редакцияот 29.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР

 

БУЙРУК

 2016-жылдын 29-февралы № 22

Бузууга тийиш болгон мамлекеттик административдик имараттардын абалы боюнча маселелерди дыкат изилдөө жана алардын ордуна мамлекеттик органдарды жайгаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу менен көп кабаттуу имараттарды куруу максатында:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө бузууга тийиш болгон мамлекеттик административдик имараттардын абалын жерине баруу менен дыкат изилдесин жана алардын ордуна мамлекеттик органдарды жайгаштыруу үчүн инвестицияларды тартуу менен көп кабаттуу имараттарды куруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына тапшырылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

 

Н.С. Момуналиев

 Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы

Карыбеков Талайбек Аманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкаруучусунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Эсенбеков Азамат Канатбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

Эстебесов Ашым Курулушович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы «Мамлекеттик имараттар департаменти» мамлекеттик мекемесинин директору;

Мураталиев Бакытбек Баймбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын начальниги;

Амираев Максат Абдурасулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик мамлекеттик агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ага мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын начальниги;

Абдрахманов Канат Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Чекирбаев Уран Кадырович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин маалыматтык- аналитикалык бөлүмүнүн башчысы;

Шабданбеков Женишбек Турарович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын мамлекеттик мүлк секторунун башчысынын милдетин аткаруучу;

Нурудинов Бакыт Нурудинович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;

Болотов Санжарбек Бактыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын инвестициялык саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.