Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 19-августу № 153
2016-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин конференция-залынан чыккан өрттүн натыйжасында түзүлгөн абалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо убагында өзгөчө баалуу музей экспонаттарынын абалын баалоо, сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин имаратынын, музей баалуулуктары болгон экспонаттарынын жана предметтеринин абалын объективдүү жана ар тараптуу текшерсин жана жыйынтыгын конкреттүү сунуштар менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун эксперттерин жана тийиштүү адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор суралган маалыматты ведомстволор аралык комиссияга берип турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу кымбат баалуу металлдан жасалган экспонаттарды сактоо маселесин карасын:
- кымбат баалуу металлдан жасалган фонддун экспонаттарын убактылуу сактоо үчүн коллекцияларды коргоону кепилдикке алуучу сигнализациялык коргоо менен жабдылган аянты 50 кв.м жай берүү;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине күнү-түнү нөөмөттө туруу үчүн жай берүү;
- видеобайкоо жана өрт сигнализациясынын системасын орнотуу.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- музей предметтерин жайгаштыруу жана лениндик тематикадагы демонтаждалган предметтерди сактоо үчүн күзөт-өрт сигнализациялары, видеобайкоо системасы менен жабдылган аянты 500 кв.м болгон жайларды тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына убактылуу сактоо үчүн кымбат баалуу металлдан жасалган фонддун предметтерин таңгактоо жана өткөрүп берүү үчүн комиссия түзсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| А.Осмоналиев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Секимов Бактыбек Шайыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алымкулова Сынара Кадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Бакеев Ринат Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Бакчиев Бакыт Жумашевич | - | Кыргыз мамлекеттик М.В.Фрунзе мемориалдык үй-музейинин директору; |
Ильинская Ольга Михайловна | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин илимий иштер боюнча директорунун орун басары; |
Иманкулова Нурхат Эрнисовна | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин башкы сактоочусу; |
Мамбетказиева Айгуль Токтобековна | - | Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин башкы сактоочусу; |
Мекешова Назгүл Барктабасовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Ставская Людмила Георгиевна | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Чигу" окуу-методикалык музей комплексинин директору (макулдашуу боюнча); |
Шыгаев Юристанбек Абдиевич | - | Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору; |
Ыбыкеев Нарынбек Алипович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун техникалык тейлөө секторунун башчысы. |