Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 25-октябры № 578
Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсебин алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин. административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун терагасы, ведомстволор аралык комиссиянын терагасы;