Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн РЕГЛАМЕНТИ
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы № 92 буйругунун, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомунун редакцияларына ылайык))
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин (мындан ары - Өкмөттүн Регламенти), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарын эске алуу менен даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) документтер менен иштөөнү уюштуруу жана башкаруучулук ишти документтик камсыздоо боюнча негизги талаптарды карайт.
2. Кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө (мындан ары - түзүмдүк бөлүнүштөр) өз убагында аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле документтердин эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
3. Мекемелер жана жарандар менен кат алышуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ченемдик укуктук актыларынын жана башка чечимдеринин долбоорлорун (мындан ары - чечимдин/актынын долбоору) даярдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү процессин оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн Аппаратында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы иштейт.
5. Өзгөчө кырдаал болгондон башка учурларда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) бюджетти бекиткенден кийин бюджеттен кошумча каражат бөлүү же бюджеттен кошумча каражат бөлүү керек болгон кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча өтүнгөн каттар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын каттары жана кайрылуулары Өкмөттүн Аппаратында каралбайт жана Өкмөттүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары - регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү) тарабынан адресаттын өзүнө кайра жиберилүүгө тийиш.
6. Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан башкалар), ведомстволук мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик органдардын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан, ошондой эле чарбакер субъекттер тарабынан киргизилген документтер каралбастан, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү тарабынан кайра артка жиберилүүгө тийиш.
7. Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын жарандары Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелер боюнча беришкен, ошондой эле "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына туура келген кайрылууларды Өкмөттүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү (мындан ары - каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү) адресаттын өзүнө кайра артка жиберүүгө тийиш.
8. Толуктап иштеп чыккандан кийин актылардын долбоорлору менен Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын рангындагы түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жана регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисине даректелген документтерден башка, Өкмөткө жана Өкмөттүн Аппаратына түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин атына келген документтердин маалыматтык мүнөздөгү материалдарынан башкалары кабыл алынбайт жана катталбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомунун редакцияларына ылайык)
9. Чечимдердин долбоорлору жана документтер түзүмдүк бөлүнүштөр жөнүндө жоболорго жараша же алар тейлеген мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишинин багытын эске алуу менен бөлүштүрүлөт.