Редакцияот 09.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 9-марты № 90-б

Грузия Республикасынын Тбилиси шаарында 2016-жылдын 14-15-мартында өтүүчү Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын биринчи жыйынына катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2016-жылдын 13-16-мартында Грузия Республикасынын Тбилиси шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

Т.А.Сариев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Кожошев Арзыбек Орозбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Чуйков Николай Алексеевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;

Эсенкулов Нурмамат Жокенович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Секимов Бактыбек Шайыкбекович

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Рыскулов Уланбек Дуулатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Сагымбаев Абдисамат Акимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы;

Исабаева Зина Беккелдиевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Калиев Айбек Рыспекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бакаев Азат Джумгалбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

Утебаев Медер Шамшыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.