Редакцияот 10.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 419-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 10-сентябры № 433-б

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук жана элдик спортторунун түрлөрүн өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкү мамлекеттик тилде тиркелгендер жактырылсын:

- Көчмөн цивилизация борбору жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Көчмөн цивилизация борборунун ортосундагы Кабыл алуучу өлкөлөрдүн макулдашуусунун долбоору;

- Көчмөн цивилизация борборунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көчмөн цивилизация борборунун бюджетине милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласы жөнүндө протоколдун долбоору.

2. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендерге макулдук берилсин:

- Көчмөн цивилизация борборунун жол-жоболор эрежелеринин долбооруна;

- Көчмөн цивилизация борборунун персоналы жобосунун долбооруна;

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн типтүү регламентинин долбооруна;

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн типтүү тартибинин долбооруна.

 

Премьер-министр

 

Т.А.Сариев

 

Долбоор

Көчмөн цивилизация борбору жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү,

жалпы тарыхый, тилдик жана маданий байланыштарды жана дүйнөлүк глобалдашуу доорунда түрк тилдүү элдердин өнүгүүсүн бекемдөөгө жана алардын каада-салттарын сактоого жалпы ниеттерин эске алышып,

түрк тилдүү өлкөлөрдүн натыйжалуу жана олуттуу интеграциясында, түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы биримдикти жана достукту бекемдөөдө спорттун маанилүүлүгүн белгилешип,

түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук жана элдик спортторунун түрлөрүн өнүктүрүү зарылчылыгын таанышып,

дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүдө көчмөн элдердин тарыхый салымын таанышып,

көчмөн элдердин көп кылымдык цивилизациясынын маданиятын жана каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө умтулушуп,

Кыргыз Республикасынын демилгесин жана 2014-жылдын сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин (мындан ары - "Түрк Кеңеши") урааны астында Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндарын ийгиликтүү өткөргөнүн эске алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

1-берене. Көчмөндөр цивилизациясынын борбору

Тараптар ушуну менен эл аралык уюм статусу бар Көчмөндөр цивилизациясынын борборун (мындан ары - Борбор) түзүшөт.

Борбордун жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбор үчүн тийиштүү имарат бөлүп берүүгө милдеттенет.

2-берене. Эл аралык укукка жөндөмдүүлүк

Эл аралык укуктун субъекти катарында Борбордун эл аралык укукка жөндөмдүүлүгү бар.

Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен анын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жеринин тартиби жана шарттары жөнүндө тийиштүү келишим түзөт.

Өзүнүн максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн Борбор эл аралык укукка жөндөмдүүлүктү пайдаланат, тактап айтканда төмөнкүлөргө укуктуу:

- юрисдикциянын чегинде келишимдерди түзүүгө;

- менчикти сатып алууга жана пайдаланууга;

- каалаган валютада эсептерди ачууга жана накта акча менен операцияларды жүргүзүүгө.

3-берене. Борбордун максаттары

Борбордун максаты - спортту алдыга жылдыруу, спорттук иш-чараларды уюштуруу, ар бир өлкөнүн жана ар бир элдин көчмөндүк маданияттын каада-салттары бар мурастарын жалпыга жайылтуу аркылуу түрк тилдүү элдердин жана башка мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди жана кызматташтыкты жаратууну, түрк дүйнөсүнүн көчмөн элдеринин маданиятын жана каада-салттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү жана спорттун жардамы менен интеграцияны жакшыртууну көздөйт.

4-берене. Борбордун милдеттери

Жогоруда айтылган максаттарга жетишүү үчүн Борбор:

- бүткүл түрк дүйнөсүндө спорттук кыймылды жана идеалдарды өнүктүрүүгө жардам берет, спорт боюнча достук мелдештерде көрсөтүлүүчү дене-бой жана моралдык сапаттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

- түрк дүйнөсүнүн тилектештигинин спорттук программаларын иштеп чыгат;

- түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн арасында оюндарды уюштуруу аркылуу бардык курактагы катышуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук мелдештин бардык түрлөрүн алдыга жылдырат жана уюштурат;

- түрк элдеринин улуттук, этностук жана көчмөн оюндарын уюштурат жана өнүктүрөт;

- фестивалдарды, мелдештерди, турнирлерди жана башка спорттук иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;

- илимий изилдөө жаатында эл аралык спорт уюмдары жана мүчө мамлекеттердин спорт федерациялары менен кызматташат;

- көчмөндөр цивилизациясынын мурастарына, анын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымына изилдөөлөрдү жүргүзөт, ошондой эле дүйнөлүк коомчулукка өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө кабарлайт;

- көчмөндөр цивилизациясынын мурасын өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган эл аралык долбоорлорду иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- Борбордо Көчмөндөр цивилизациясынын мурасынын музейин түзөт.

5-берене. Президент

Борбордун башчысы Президент болот, ал Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлери кеңешинин (мындан ары - ТИМК) сунушу менен Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын Кеңеши тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын ичинен ротация негизинде Тараптардын расмий аталыштарынын англис алфавитине ылайык 4 жылга дайындалат.

Биринчи Президент Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалат. Борбордун кызматкерлери Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын ичинен топтолот.

6-берене. Борбордун Кеңеши

Кеңеш байкоочу орган болуп саналат. Кеңештин курамына ар бир Тараптан бирден өкүл кирет. Президент Кеңештин мүчөсү болуп эсептелет жана өзү жараны болгон Тараптын мамлекетинин өкүлү болот.

Кеңеш Макулдашуунун максаттарына жана кабыл алынган чечимдерди аткарууга жараша Борбордун ишин көзөмөлдөйт.

7-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер

Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон Президент жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыш жөнүндө Вена конвенциясынын 29-36-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасындагы дипломаттык агенттерге берилүүчү артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат.

Эгер Президент Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адам болсо, ал иммунитеттен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда гана пайдаланат.

Борбордун чет өлкөлүк кызматкерлеринин артыкчылыктарынын жана иммунитеттеринин көлөмү кабыл алуучу өлкө менен макулдашууда аныкталат.

8-берене. Процесстик ченемдер

Процесстик ченемдер Борбор тарабынан иштелип чыгып, ТИМКке бекитүүгө берилет.

9-берене. Каржылоо

Борбордун бюджети Борбордун Президенти тарабынан даярдалып, ТИМКке бекитүүгө берилет.

Тараптардын милдеттүү төлөмдөрү ТИМК тарабынан алардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана алардын салыштырмалуу региондук уюмдардагы учурдагы төлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат жана Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түрк Кеңешинин төлөм шкаласынын негизинде жүргүзүлүшү керек. Бирок кабыл алган өлкөнүн салымы башка катышуучулардын салымынан төмөн болбошу керек.

Кийинки финансылык жылга карата чыгымдар сметасынын долбоору үстүдөгү жылдын биринчи жарымында даярдалып Борбордун бардык тараптарына ошол жылдын биринчи жарымында жиберилүүгө, ошондой эле ТИМКке бекитүүгө жөнөтүлүүгө тийиш.

Милдеттүү төлөмдүн өлчөмдөрү өзүнчө протоколдо көрсөтүлүшү керек.

Борборго өз каалоосу менен берилүүчү төлөмдөр чектелбейт.

10-берене. Аудит

Борбордун финансылык ишине тышкы аудит ТИМК тарабынан жактырылган орган аркылуу жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт. Борбордун Президенти жактырылган органга тышкы аудит жүргүзүүгө керек болгон документтерди бериши керек.

Тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин Президент бардык Тараптарга аудитордук отчетту берет.

11-берене Жумушчу тилдер

Борбордун жумушчу тилдери болуп Тараптардын мамлекеттик/расмий тилдери, ошондой эле англис тили саналат.

12-берене Талаштарды жөнгө салуу

Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланышкан каршы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар талаштарды консультация жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.

13-берене Өзгөртүүлөр жана толуктоолор

Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор түрүндө киргизилиши мүмкүн.

14-берене. Колдонуу мөөнөтү, күчүнө кириши жана кошулуу

Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышкандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү Депозитарий тарабынан алынгандан кийин отузунчу күндө күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин бул Макулдашуу кошулууга ачык болот.

Ушул Макулдашуу ар бир кошулган мамлекет үчүн кошулуу жөнүндө документти Депозитарий алган күндөн кийин отузунчу күндө күчүнө кирет.

15-берене. Депозитарий

Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун депозитарийи болуп саналат.

___________________ кыргыз, азербайжан, казак, түрк жана англис тилдеринде __________ бир түп нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Тексттерде айырма болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.

Ушул Макулдашуунун түп нускасы Депозитарийге сактоого берилет, ал күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү бардык кол койгон Тараптарга жиберет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

 

 

Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

 

 

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

 

 

Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Көчмөн цивилизация борборунун ортосундагы Кабыл алуучу өлкөлөрдүн МАКУЛДАШУУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Көчмөн цивилизация борбору (мындан ары - Борбор),

201__-жылдын "__" ____________ кол коюлган Көчмөн цивилизация борбору жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) жоболорун көңүлгө алуу менен,

Макулдашуунун 1-беренесинде Борбор Кыргыз Республикасында жайгашуусу каралгандыгын көңүлгө алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Ушул Макулдашууда төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:

"Кабыл алуучу тарап" - Кыргыз Республикасы;

"Мүчө мамлекеттер" - Борбор жөнүндө макулдашуунун тараптары болуп саналган мамлекеттер;

"Түрк Кеңеши" - Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши;

"ТИМК" - Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңеши;

"Макулдашуу" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Борбордун ортосундагы ушул Макулдашуу;

"Президент" - Борбордун Президенти;

"Кеңеш" - Борбордун байкоочу органы, анын курамына ар бир мүчө мамлекеттен бирден өкүл кирет;

"Борбордун кызматкерлери" - Президент, Кеңештин мүчөлөрү, административдик жана тейлөөчү персонал;

"Администрациялык персонал" - спорт жаатындагы, түрк дүйнөсүнүн көчмөндөр цивилизациясы жаатындагы, эл аралык долбоорлор, мониторинг жана талдоо боюнча эксперттер жана юрист;

"Тейлөөчү персонал" - техникалык персонал;

"Борбордун жайлары" - Борбор тарабынан өз функцияларын аткаруу үчүн пайдаланылган имарат же курулмалардын бир бөлүгү жана ага жанаша жер участогу;

"Архивдер жана документтер" - Борборго таандык маалыматтарды камтыган жазуулар, кат алышуулар, бухгалтердик эсепке алуу жана бардык финансылык документтер, манускрипттер, кол жазмалар, фото сүрөттөр жана фильмдер, аудиожазуулар, компьютердик программалар, жазуу жүзүндөгү материалдар, видеокассеталар жана дисктер, дисктер же кассеталар;

"Багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү" - жубайлар, 18 жашка чейинки курактагы балдары, ошондой эле багуусундагы ата-энелери.

2-берене.

Ушул Макулдашуунун максаты болуп Борбордун статусун, артыкчылыктарын жана кол тийгис укуктарын, анын аймагын/имараттарын жана Кыргыз Республикасында алар иш жүргүзгөн мезгилдеги персоналын аныктоо саналат.

3-берене.

1. Борбор Кыргыз Республикасынын аймагында болот.

2. Кабыл алуучу өлкө Борбордун анын кызматкерлерине карата Борбордун жол-жоболоруна ылайык колдонулуучу өз эрежелерин кабыл алуу укугун тааныйт.

4-берене.

Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш жана төмөнкүлөргө укуктуу:

а) юрисдикциянын чегинде келишимдерди түзүүгө;

б) менчикти сатып алууга жана тескөөгө;

в) сотто доогер же жоопкер катары чыгууга;

г) каалаган валютада эсептерди ачууга жана накталай акча каражаттары менен операцияларды жүргүзүүгө.

5-берене.

Борбор төмөндө көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, анын функциясы менен байланышкан соттук териштирүүлөрдүн кандай формасынан болбосун иммунитетке ээ болот:

а) Борборго таандык же ал пайдаланылган транспорттук каражат менен болгон бөөдө кырсыктын натыйжасында берилген жарандык доодон, мында келтирилген зыян камсыздандыруунун эсебинен төлөнбөйт;

б) Борбордун кызматкеринин аракетинен же аракетсиздигинен улам өлүмгө же жаракатка алып келген жарандык доодон.

2. ТИМК иммунитеттен баш тартуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Бирок иммунитеттен баш тартуу менчикти конфискациялоонун же экспроприациялоонун ар кандай башка чараларына жайылтылбайт.

3. Борбордун мүлкү, ошондой эле анын жайлары аткаруу, административдик, соттук же мыйзамдык иш-аракеттердин негизинде тинтүүдөн, реквизициялоодон, конфискациялоодон, экспроприациялоодон жана кийлигишүүнүн кандай болбосун башка формаларынан иммунитеттен пайдаланат.

4. Кабыл алуучу өлкө Борбордун же анын кызматкерлеринин кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарына каршы келген ишинен келип чыгуучу бардык аракеттери же аракетсиздиги, анын ичинде кылмыш мүнөзүндөгү иш-аракеттери үчүн өзүнө эч кандай жоопкерчилик албайт.

6-берене.

1. Кабыл алуу тарап бөлүп берген Борбордун жайлары Борбордун ушул Макулдашууда каралган максаттарына жана милдеттерине жетүү максатында гана пайдаланылат.

2. Кабыл алуучу өлкө Борбордун тоскоолсуз иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл администрациялык чараларды кабыл алат.

7-берене.

Борбордун расмий кат-кабарларынын жана иш боюнча кат алышууларынын расмий архиви кол тийгис болуп саналат.

8-берене.

Борбордун символикасы Борбор жайгашкан жайлардын дубалдарында чагылдырылат. Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн желектери Борбордун жайларына да илинет.

9-берене.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Борбордун максаттарына ылайык Борбор финансылык контроль, жоболор же ар кандай мораторийлер менен чектелген эмес жана:

а) фонддорго, алтынга же ар кандай түрдөгү валютага ээ болуп, ар кандай валютада банктык эсептерге ээлик кылып жана жүргүзө алат;

б) өз фонддорун Кыргыз Республикасына же башка өлкөгө эркин которуп же өзүнүн карамагында турган валютаны кандай болбосун башка валютага которо алат.

10-берене.

1. Борбор, анын активдери, кирешелери же кайсыл башка кыймылсыз мүлк болбосун кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген бардык салыктардан бошотулат. Борбор коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы болуп саналган төлөмдөрдөн бошотууну талап кылбашы керек.

2. Борбордун мүлкүнө жана активдерине байланыштуу бажылык жол-жоболор кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

11-берене.

1. Кабыл алуучу өлкө Борбор тараптан өз ишин жүзөгө ашырууда коммуникациялык байланышты камсыз кылат.

2. Басылмалар, макалалар, фотосүрөттөр, фильмдер, сүрөттөр, аудио-видео жазуулар цензурага жатпайт.

3. Ушул беренедеги эч нерсе ушул Макулдашууда аныкталган сактануучулуктун талаптагыдай чараларын кабыл алууну жокко чыгарган жобо катары чечмеленбейт.

12-берене.

1. Кабыл алуучу өлкө Борборго жайды ижара акысыз берет.

2. Борбордун кызматкерлеринин кылдатсыздыгынын жана көңүл коштугунун натыйжасындагы бузуулардан улам жайларды оңдоо боюнча чыгымдарды Борбор тартат. Бөөдө кырсыктын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруу боюнча чыгымдарды кабыл алуучу өлкө жабат.

3. Борбор жайларды кайра пландаштырбашы керек жана кабыл алуучу өлкөнүн жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кошумча курулуштарды кура же имараттарды өзгөртө албайт.

4. Борбор кабыл алуучу өлкөнүн жайларды эксплуатациялоого байланыштуу тийиштүү ченемдик актыларын колдонот.

5. Борбор өз жайларынын үчүнчү жактардын ээлик кылуусуна же пайдаланышына жол бербейт.

6. Кабыл алуучу өлкө Борбордун жайларын зарыл болгон коргоону камсыз кылат.

13-берене.

1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Президент жана аны үй-бүлө мүчөлөрү 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын 29-36-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык агенттерге берилүүчү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдаланышат.

2. Президент Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адам болгон учурда, ал иммунитетти өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда гана пайдаланат.

14-берене.

1. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон адамдардан тышкары, башкаруучу жана административдик персонал иммунитетти кабыл алуучу өлкөнүн юрисдикциясы боюнча кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде пайдаланышат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган адамдардан тышкары Борбордун башкаруучу жана административдик персоналынын бардык кызматкерлерине төлөнүүчү эмгек акы жана башка төлөмдөр салыктардан бошотулат.

3. Президент жана Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүдөй кол тийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдаланышат:

а) өзүнүн багуусунда турган өз үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарды каттоонун эрежелерин эске алуу менен, келген мамлекеттин аймагында эркин жүрүү укугуна ээ болот;

б) эл аралык кризис пайда болгон учурда мекенине кайтып барганда ага жана анын багуусунда турган өз үй-бүлө мүчөлөрүнө эл аралык уюмдардын кызмат адамдарындай эле артыкчылыктар берилет.

Борбордун кызматкерлери же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн арналган эмеректерди, кыймылдуу мүлктү, предметтерди ташып келүү, кабыл алган өлкөгө келиши жана кызматына киришүүсү жана Борбордо иштөө мөөнөтү аяктаганы боюнча жана жогоруда аталган мүлктөрдү ташып кетүү кабыл алган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

4. Товарларды жеткирүүдө жана кызмат көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Президент, Борбордун Кеңеши жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кошумча нарк салыгынан жана кыйыр акциздик салыктан бошотулат.

5. Борбордун кызматкерлерине берилген артыкчылыктар жана кол тийбестик жеке максаттар жана пайда көрүү үчүн эмес, Борбордун тоскоолсуз иштеши үчүн гана берилет.

6. ТИМКнын мүчөлөрү зыян келтирилген жана Борбордун функцияларына ылайык келбеген максаттарда пайдаланган учурда Президентти, Кеңештин мүчөлөрүн кошо алганда Борбордун кандай болбосун кызмат адамын артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен ажыратууга укуктуу. Кабыл алуучу өлкө да кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдары одоно бузулган учурда ТИМКдан персоналдын кандай кызматкерин болбосун артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен ажыратууну сурай алат.

7. Ушул Макулдашууда, ошондой эле Борбор жөнүндө макулдашууда каралган мындай артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен пайдаланган бардык кызматкерлер алардын артыкчылыктары жана кол тийбестиги үчүн зыян келтирбестен кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

8. Президент кабыл алуучу өлкөгө Борбордун кызматкерлеринин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттарын жана кызмат орундарын, ошондой эле болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлоого тийиш.

9. Кабыл алуучу өлкөнүн компетенттүү органы Борбордун расмий суроо-талабы боюнча кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамына ылайык Борбордун бардык кызматкерлерине жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө (келишим боюнча жалданган кызматкерлерден тышкары) тийиштүү аккредитациялык карталарды берет.

10. Борбордун кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, эгерде алар Кыргыз Республикасында жашаса, өзгөчө шарттарда туруу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эмгектене алышат. Эгерде алар ишкердик ишке тартылса, анда бул учурда артыкчылыктар жана кол тийбестиктер алып салынат.

11. Ушул Макулдашуунун алкагында каралган артыкчылыктарды жана кол тийбестикти пайдаланууга каната пикирлер дал келбеген учурда тараптар консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечет.

12. Президент Борбордун кызматкерлерин жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу, анын ичинде бөөдө кырсыктардан камсыздандыруу менен камсыз кылууга тийиш.

15-берене.

1. Борбордун кызматкерлерине алардын улуттук пенсиялык фонддорго мүчөлүгүн сактап калуу үчүн милдеттүү пенсиялык төгүмдөр төлөнүп берилет. Эгерде улуттук пенсиялык камсыз кылуу кызматкерлер үчүн алгылыксыз болгон учурда, бул сумма толук көлөмдө жеке пенсиялык фонддорго төлөнүп берилиши керек.

16-берене.

1. Кабыл алуучу тарап төмөнкү адамдардын Кыргыз Республикасына келишин, болушун, кетишин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт:

а) Борбордун кызматкерлеринин жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн;

б) Борбордун ишине катышкан эксперттердин;

в) расмий меймандардын.

17-берене.

1. Ушул Макулдашуу кабыл алуучу өлкө тарабынан анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө билдирүү Борборго жөнөтүлгөн күндөн баштап күчүнө кирет.

2. Ушул Макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган жана ушул берененин 1 -пунктуна ылайык күчүнө кирген өзүнчө протокол менен таризделет.

3. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келип чыккан кайчы пикирлер кабыл алуучу өлкө менен Борбордун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жөнгө салынат.

4. Ушул Макулдашуу Тараптардын бири ал Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка кеминде 6 ай мурда жазуу жүзүндө билдирме жөнөткөнгө чейин белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

2015-жылы 10-сентябрда Астана шаарында кыргыз жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Көчмөн цивилизациясы борбору үчүн

 

 

 

Долбоор

Көчмөн цивилизация борборунун финансылык эрежелери жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын өкмөттөрү,

эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алып,

20__-жылдын "__" _________ кол коюлган Көчмөн цивилизация борбору жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Борбор жөнүндө макулдашуу) жоболорун көңүлгө алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене. Аныктамалар

Бул Макулдашууда төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:

"Түрк Кеңеши" - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши;

"Мүчө мамлекеттер" - Борбор жөнүндө макулдашуунун тараптары болгон мамлекеттер;

"ТИМК" - Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңеши;

"УКАК" - Түрк Кеңешинин улук кызмат адамдарынын комитети;

"Кабыл алуучу өлкө" - аймагында Борбор жайгашкан Көчмөн цивилизациясынын борборуна мүчө мамлекет;

"Макулдашуу" - Көчмөн цивилизация борборунун финансылык эрежелери жөнүндө ушул макулдашуу;

"Президент" - Борбордун президенти;

"Кеңеш" - Борбордун байкоочу органы, анын курамына ар бир мүчө мамлекеттен бирден өкүл кирет;

"Борбордун кызматкерлери" - Президент, Кеңештин мүчөлөрү, административдик жана тейлөөчү персонал;

"Административдик персонал" - спорт жаатында, түрк дүйнөсүнүн көчмөндөр цивилизациясы жаатында, эл аралык долбоорлор, мониторинг жана талдоо боюнча эксперттер, юрист;

"Тейлөөчү персонал" техникалык персонал болуп саналат;

"Багууда турган үй-бүлө мүчөлөрү" - жубайлар, 18 жашка чейинки курактагы балдары, ошондой эле багуудагы ата-энелери;

"Бюджет" - Борбордун милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашырууга арналган каражаттарды түзүү жана пайдалануу;

"Финансылык жыл" - календарлык жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейинки убакыт мезгили;

"Төгүмдөр" - учурдагы финансы жылында Борбордун иши менен байланышкан чыгымдарды жабууга Тараптар үчүн белгиленген суммалар;

"Тышкы аудит" - Борбордун финансы-чарбалык ишин иликтөө, ал ТИМК дайындаган көз карандысыз аудиторлор тарабынан жүргүзүлөт;

"Кирешелер" - бюджетке төгүмдөр түрүндө Борбор тарабынан алынган каражаттар;

"Башка кирешелер" - төгүмдөрдөн тышкары, накталай кайрымдуулуктарды, ошондой эле учурдагы финансы жылында чыгымдардын түздөн-түз ордун толтуруунун натыйжасында алынган суммалар;

"Чыгымдар" - өз милдеттерин жана функцияларын каржылоо үчүн бюджеттен Борбор пайдаланган каражаттар;

"Талапкерлердин чыгымдары" - талапкердин транспорттук, мейманканада жашагандыгы жана суткалык чыгымдарына тиешелүү каражаттар;

"Жүгүртүү каражаттарынын резерви" - милдеттүү төгүмдөрдү толук төлөөнү күтүү менен Борбордун чыгымдары үчүн пайдаланылуучу бюджеттин бөлүгү.

2-берене. Жалпы жоболор

Ушул Макулдашуу каржылоо булактарын, түзүүнүн, ишке ашыруунун жана бюджет боюнча отчёт берүүнүн тартибин аныктайт.

3-берене. Бюджет

3.1. Борбордун бюджети финансы жылындагы акчалай жана/же башка формадагы бардык кирешелерди жана чыгашаларды камтууга тийиш. Бюджет Борбордун узак мөөнөттүү долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн каралган чыгымдар боюнча ар жылдык төлөмдөрдү да камтыйт.

3.2. Борбордун бюджети Президент тарабынан иштелип чыгат жана ТИМК тарабынан бекитилет.

3.3. Кирешелер төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

а) суммасы ТИМК тарабынан аныкталган Тараптардын милдеттүү салымдарын, мында алардын төлөм жөндөмдүүлүктөрү, Бириккен Улуттар Уюмуна төгүмдөрдүн колдонуудагы шкаласы жана салыштырмалуу региондук уюмдарга алардын учурдагы төгүмдөрү көңүлгө алынат. Ошондой болсо да келген өлкөнүн үлүшү башка мүчө мамлекеттерге караганда төмөн болбоого тийиш. Милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласы өзүнчө протоколдо көрсөтүлөт жана максатка ылайыктуу деп эсептелген учурда өзгөртүүгө болот;

б) гранттарды;

в) өлчөмү чектелбеген ыктыярдуу төгүмдөрдөн Борбордун бюджетине төлөөлөрдү;

г) акчалай жана/же башка формадагы ыктыярдуу салымдар, алар да байкоочу өлкөлөрдөн, башка мамлекеттерден, башка эл аралык уюмдардан жана эл аралык фонддордон, Тараптар жактырган шартта жеке жана юридикалык жактардан алынышы мүмкүн;

д) башка кирешелердин пайыздарынан алынган кирешени кошуп алганда башка түшүүлөрдү, алар Борбордун максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген шартта.

3.4. Чыгымдар өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) маданий жана илимий чыгымдар:

- илимий-изилдөө иштерине чыгымдарды;

- долбоорлор боюнча чыгымдарды;

- симпозиумдар, илимий конференциялар жана жолугушуулар;

- басмакана чыгымдарын;

- аутсорсинг;

- консалтинг;

б) Борбордун кызматкерлерине чыгымдар:

- Президентти сыйлоо, анын ичинде: 1) медициналык камсыздандыруу; 2) багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул; 3) билим берүү гранты; 4) жашоого жөлөкпул; 5) ротациялоо боюнча чыгымдар; 6) үйүнө өргүүгө барып келүү (жылына бир жолу); 7) өкүлчүлүк чыгымдары; 8) социалдык камсыздандырууга төлөмдөр;

- Кеңештин мүчөлөрүн сыйлоо, анын ичинде: 1) медициналык камсыздандыруу; 2) багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул; 3) билим берүү гранты; 4) жашоого жөлөкпул; 5) ротациялоо боюнча чыгымдар; 6) үйүнө өргүүгө барып келүү (жылына бир жолу); 7) социалдык камсыздандырууга төлөмдөр;

- административдик персоналды сыйлоо, анын ичинде: 1) медициналык камсыздандыруу; 2) багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул; 3) билим берүү гранты; 4) жашоого жөлөкпул; 5) үйүнө өргүүгө барып келүү (жылына бир жолу); 6) социалдык камсыздандырууга төлөмдөр;

- тейлөөчү персоналды сыйлоо, анын ичинде ар жылдык 1 өргүү;

- өз кызмат мөөнөтүн аяктаган кызматкерлерге чыгымдын ордун толтуруу;

- персонал кызматтык келишимин токтоткон учурда бошоо жөлөкпулу;

- тейлөөчү персоналдан тышкары Борбордун кызматкерлеринин иш боюнча кыдырууларына, анын ичинде суткалык, транспортто жүрүүгө жана жашоого жумшалган чыгымдар;

- окутуу;

- талапкерлердин транспорттук, мейманканалык, суткалык акысын камтыган чыгымдары;

- башка чыгымдар;

в) административдик чыгымдар:

- Борборго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;

- Борбордун иштеши үчүн зарыл болгон оргтехниканы жана эмеректерди, транспорттук жана башка каражаттарды сатып алуу;

- жайларды, офистик эмеректи, жабдууларды, автомобилдерди жана башка каражаттарды техникалык тейлөө жана оңдоо;

- протокол боюнча чыгымдар;

- Президенттин, Кеңештин мүчөлөрүнүн жана Борбордун эксперттеринин иш сапарларына байланыштуу чыгымдар, анын ичинде  транспорттук чыгымдар, мейманканада жашоо, суткалык акылар;

г) музей жана китепканаларга чыгымдар:

- музей жана китепканалар үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алуу;

- офистик эмеректи, жабдууларды жана музейлер менен китепканалардын иштеши үчүн зарыл болгон башка каражаттарды сатып алуу;

- жайларды, офистик эмеректи, жабдууларды жана башка каражаттарды техникалык тейлөө жана оңдоо;

- китепканалар үчүн адабиятты сатып алуу.

3.5. Финансы жыл үчүн персоналдын рангы жана эмгек акысы боюнча Борбордун персоналынын чыгымдары жөнүндө матрица Борбор тарабынан даярдалууга тийиш жана УКАК жактыргандан кийин ТИМК тарабынан бекитилиши керек.

4-берене. Администрациянын бюджети

4.1. Бюджет Президенттин карамагында болууга тийиш.

4.2. Бюджетте ар бир Тараптын милдеттүү төгүмдөрүнүн так суммасы көрсөтүлүшү керек.

4.3. Бюджетке жыл сайынкы чегерүүлөр АКШ долларында эсептелет жана төлөнөт.

4.4. Борбор ТИМКти бюджетке төгүмдөр толук көлөмдө төгүлгөндүгү жөнүндө маалымдап турат.

4.5. Милдеттүү төгүмдөр финансылык жылдын алгачкы үч айынын ичинде төлөнөт. Ошону менен бирге, эгерде ал улуттук мыйзамдардан улам мүмкүн болбосо, төлөмдөр төрт интервал менен жүргүзүлөт жана ар үчүнчү айдын башында жүзөгө ашырылат.

5-берене. Чыгымдарга баа берүү

5.1. Борбордун бюджети чыгымдардын сметасына - финансылык жылдын чыгымдарын камтыган документке ылайык жүзөгө ашырылат.

5.2. Борбор чыгымдардын ар бир беренеси боюнча эсептөөлөр жана негиздемелери менен бюджеттин долбоорун Түрк Кеңешинин катчылыгы аркылуу УКАК кароосуна жаңы финансылык жылга чейинки жылдын биринчи жарымында жөнөтөт.

5.3. ТИМК кийинки финансылык жылдын бюджетин ошол жылдын 31-декабрына чейин карайт жана бекитет. Бирок, эгерде бюджет жаңы финансы жылга чейинки жылы кабыл алынбаса, жаңы финансылык жылдан баштап бюджет өткөн жылга бекитилген тийиштүү өзгөртүүлөрү менен колдонулат.

5.4. Акчалай которуулар, операциялар кабыл алуучу өлкөнүн улуттук валютасында, эгерде алгылыктуу болсо башка валютада жүргүзүлөт.

5.5. Жергиликтүү валютадагы чыгымдар, чыгымдардын сметасы үчүн валютанын алмашуу курсу кабыл алуучу өлкөнүн Борбордук банкынын өткөн жылдагы валютанын орточо курсуна негизделет.

5.6. Бекитилген бюджеттин алкагында чыгымдардын бир беренесинен экинчисине которуу Борбор тарабынан Тараптарды эмгек акыга чыгымдардын беренелерин кошпогондо, күн мурун түшүндүрмөсү менен маалымдоо жолу аркылуу жүргүзүлөт. Мындай которуулар каралып жаткан беренелердин жалпы санынын 10%нан ашпайт. Эгерде Тараптар билдирилген күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде каршылыгын билдирбесе, каражаттарды которуу боюнча сунуш кабыл алынган болуп эсептелет.

5.7. Борбордун финансылык жылдын акырында түздөн-түз арналышы боюнча пайдаланылбаган бюджеттик каражаттары кезектеги финансылык жылдын бюджетинин кирешелерине киргизилүүгө тийиш. Ар бир мүчө-мамлекеттин төгүмдөрү тийиштүү түрдө эсептелүүгө тийиш жана төгүмдөрдүн суммасы жөнүндө Тараптарга билдирилет.

5.8. Өткөн жылы жабдууларды жана узак пайдаланылуучу предметтерди сатып алууга арналган финансылык жылдын 1-январына карата колдонулбаган каражаттар кийинкиге калтырылган долбоорлорго төлөө үчүн пайдаланылууга тийиш.

6-берене. Акча каражаттарын сактоо

6.1. Президент Борбордун каражаттары сактала турган банктык эсепти/эсептерди аныктайт.

6.2. Борбордун эсептери АКШ долларында жана кабыл алуучу өлкөнүн улуттук валютасында болууга тийиш. Өткөн мезгилдеги чыгымдар үчүн валюталардын бухгалтердик курстары кабыл алуучу өлкөнүн Борбордук банкынын валютасынын үч айлык алмашуу курсу негиз катары алынат.

7-берене. Отчёттуулук

7.1. Президент Борбордун финансылык ресурстарына контролдук кылат жана Борбордун финансылык ресурстарын бөлүштүрүүгө УКАК аркылуу ТИМКке отчёт берет.

7.2. Президент ар бир финансылык жыл үчүн УКАК аркылуу кийинки финансылык жылдын 31-мартынан кечиктирбей ТИМКке жылдык отчёт берүүгө тийиш.

7.3. Ар бир финансылык жылдын акырында дурус сальдо же дефицит каражат түшүүнүн чыгымдардан ашып кетишин же чыгымдардын кирешеден ашып кетишин эсептөө жолу менен аныкталат. Борбордун бюджетинин кассалык тартыштыгы орун алган учурда Президент УКАК аркылуу ТИМКке маалымат берет жана көрүлө турган зарыл финансылык чаралар тууралуу сунуштарды киргизет.

8-берене. Аудит

8.1. Борбордун финансылык ишмердигине тышкы аудит ар бир бюджеттик мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Бюджеттик мезгил 2 жылды түзөт. Аудит ТИМК жактырган орган тарабынан жүргүзүлөт. Борбордун Президенти жактырылган органга тышкы аудитти жүргүзүү үчүн зарыл документтерди берүүгө тийиш.

Тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин Президент аудитордук отчетту бардык Тараптарга берет.

8.2. Тышкы аудиттен кийин аудитордук отчёт түзүлөт, аны Борбордун Президенти бардык Тараптарга берүүгө тийиш.

9-берене. Жүгүртүү каражаттарынын резерви

9.1. Жүгүртүү каражаттарынын резерви болуп бюджеттин бир бөлүгү саналат жана жыл сайынкы милдеттүү төгүмдөрдү алууга чейин бюджеттик бөлүнгөн каражаттарды каржылоо үчүн гана пайдаланылууга тийиш.

9.2. Жүгүртүү каражаттарынын суммасы жылдык бюджеттин 3/12 кем эмес суммасында белгиленет. Жыл сайынкы милдеттүү төгүмдөрдү алгандан кийин бул сумма жүгүртүү каражаттарынын резервине кайра кайтарылат.

10-берене. Корутунду жоболор

10.1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аяктагандыгы жөнүндө Депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирме алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.

Ушул Макулдашуу кошулган мамлекеттер үчүн кошулуу жөнүндө документти Депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.

10.2. Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун депозитарийи болуп саналат. Депозитарий ушул Макулдашуу күчүнө кирген күн жөнүндө, ошондой эле тийиштүү Тараптардан документти алгандыгы жөнүндө, ратификациялоо, кабыл алуу, бекитүү же кошулуу жөнүндө документтин алынгандыгы тууралуу Тараптарга дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирет.

10.3. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу жөнүндө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар аларды консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.

10.4. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашууга өз алдынча протоколдор түрүндө киргизилиши мүмкүн, алар ушул берененин 10.1-пунктунда баяндалган жол-жобого ылайык күчүнө кирет. Бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

10.5. Ар бир Тарап каалаган учурда депозитарийге жазуу жүзүндө билдирме жөнөтүү менен ушул Макулдашуудан чыгышы мүмкүн. Бул Макулдашуу ошол Тарапка карата Депозитарий андай билдирме алган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин токтотулат.

Бул Макулдашуу 201__-жылы "__" _____________ ____________ шаарында бир түп нускада, көчүрмөсү кыргыз, азербайжан, казак, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей болуп саналат. Кайчы пикирлер орун алган учурда англис тилиндеги версиясы артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Долбоор

Көчмөн цивилизация борборунун бюджетине милдеттүү төгүмдөрдүн шкаласы жөнүндө ПРОТОКОЛ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Түркия Республикасынын өкмөттөрү 201__-жылдын "__" ________ Көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө макулдашуунун жоболоруна таянуу менен милдеттүү салымдардын төмөнкү шкаласын бекитүүгө макул болушту:

- Кыргыз Республикасы

-

40%

- Азербайжан Республикасы

-

10%

- Казакстан Республикасы

-

20%

- Түркия Республикасы

-

30%

Ошондой болсо да, Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңеши Түрк Кеңешинин улук кызмат адамдарынын комитети аркылуу Тараптардын өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга байланыштуу бул шкаланы өзгөртүүгө жана/же уюмду кеңейтүүгө укуктуу. Ал өзгөртүүлөр тийиштүү салымдарды төгүү менен кийинки жылдын бюджетинде колдонулгудай болууга тийиш.

Салымдардын жаңы шкаласы макулдашылганга чейин ушул Протоколдо көрсөтүлгөн шкала сакталып кала берет.

Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аяктагандыгы жөнүндө соңку жазуу жүзүндөгү билдирмени Депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасы бул Протоколдун Депозитарийи болуп саналат. Депозитарий Тараптарга Протоколдун күчүнө кирүүчү күнү жөнүндө, ошондой эле тийиштүү Тараптардан аны ратификациялоо, кабыл алуу, бекитүү же кошулуу жөнүндө документтер алынгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирме берет.

Бул Протокол 201__-жылы "__" ____________ Астана шаарында бир түп нускада кыргыз, азербайжан, казак, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей мааниге ээ. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн