Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-апрели № 117-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги,
тең укуктуулуктун жана өз ара ызатташуунун негизинде, калктын ден соолугун чыңдоо, элдер арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар теңчилик жана өз ара түшүнүшүү принциптерине таянуу менен, ошондой эле өз ара пайдага жана алардын улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара макулдашуу боюнча төмөнкү жааттарда кызматташууну макулдашты:
а) саламаттык сактоо системасын күчөтүү;
б) жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү жана вакцинация;
в) саламаттык сактоонун оорукана башкармалыгы системасы менен маалыматтык системасын иштеп чыгуу;
г) саламаттык сактоо жаатындагы статистика;
д) эне жана баланын ден соолугун коргоо;
е) саламаттык сактоо жаатындагы кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;
ж) медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
з) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча маалыматтарды алмашуу;
к) жугуштуу жана мите ооруларынын абалы жөнүндө маалымат алмашуу;
л) Тараптардын мамлекеттеринин чек арага чектеш райондорундагы трансмиссивдүү ооруларды локалдаштыруу боюнча алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө уюштуруучулук-практикалык жардам көрсөтүү.
2-берене.
Тараптар мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Кызматташуучу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ортосундагы байланыштар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
3-берене.
Тараптар өз ара түшүнүшүүнүн негизинде Тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагындагы саламаттык сактоонун дарылоочу-алдын алуучу, илимий-изилдөө, санаторий-курорттук жана башка мамлекеттик уюмдарына кызматташуунун дарылоочу-консультациялык, илимий жана башка түрлөрүн уюштуруусуна көмөк көрсөтөт.
4-берене.
Тараптар съезддерди, конференцияларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө бири-бирине маалымдашат. Тараптар өз мамлекеттеринин илимий жана медициналык коомдорунун жана башка уюмдарынын өтүнүчү жана сунушу боюнча бул иш-чараларга катышуучу адистерди кабыл алууга көмөк көрсөтүшөт.
5-берене.
Тараптар жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө жардам беришет жана коммерциялык негизде аспиранттарды, студенттерди өз ара жиберишүүнү жүзөгө ашырышат.
6-берене.
Тараптар медициналык билим берүүчү уюмдардын ортосундагы медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жаатындагы тикелей билим берүүчү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бул жааттагы, анын ичинде медициналык багыттагы дары каражаттарын жана буюмдарды өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Кызматташуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ушул Макулдашуунун алкагындагы биргелешкен иштердин жүрүшүндө келип чыккан административдик жол-жоболор жана чыгымдар Тараптардын каражаттарынын жана кадрларынын болуусуна жараша биргелешкен чечимдердин негизинде камсыз кылынат.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору мамлекет катышуучусу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасир этпейт.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуудан улам келип чыккан тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга ниеттенгени жөнүндө анын жарактуулук мөөнөтү аяктарына алты (6) ай калганга чейин экинчи Тарапка билдирбесе, кийинки 5 жылга автоматтык түрдө узартылат.
_____________ шаарында 2017-жылдын "__" ___________, эки (2) нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун айрым жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст аныктоочу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги үчүн |