Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-майы № 136-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу жана жабдуу боюнча долбоорду техникалык-экономикалык негиздөө иштерин жүргүзүү жөнүндө алмашуу каттарынын тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган алмашуу каттарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
|
| Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Улуу Мартабалуу Сяо Цинхуа мырзага |
Улуу Мартабалуу,
Сиздин төмөнкү мазмундагы Алмашуу катыңызды алгандыгымды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
"Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чын ыкластан достук кеңешүүлөр аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорун ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө келишимге келишкендигин ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу жана жабдуу боюнча долбоорду техникалык-экономикалык негиздөө иштерин жүргүзүүгө, бул Долбоорду бекитүү максатында макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТЭНди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарды берүүгө, кытай тараптын ишине көмөк көрсөтүү үчүн ведомствону же органды дайындоого милдеттенет. ТЭН оң натыйжаларга ээ болгон учурда тараптар Долбоорду бекитүү жөнүндө макулдашууга кошумча кол коюшат.
2. ТЭНди иштеп чыгуу иштерин аткаруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу жана жабдуу боюнча долбоорго экспедиция жүргүзүү үчүн адистер тобун Кыргыз Республикасына жиберет. Экспедиция жүргүзүлүп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке көмөктөшүү үчүн зарыл болгон техникалык персоналды өз эсебинен жиберет, иштеп жаткан жерде кытайлык адистердин коопсуздугун камсыздайт, транспортту жана керектүү техникалык материалдарды бекер берет, кытайлык адистердин кетүүсү боюнча, ошондой эле экспедиция жүргүзүү үчүн зарыл болгон приборлорду жана жабдууларды бажы алымынан бошотуу менен аларды алып кирүү жана алып чыгуу боюнча документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
3. Жогоруда аталган экспедицияны жүргүзүүгө кытай тараптын чыгымдары 920000 (тогуз жүз жыйырма миң) кытай юанын түзөт жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 4-декабрында түзүлгөн техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген уюм ушул катка жана Сиздердин жооп катыңызга ылайык 4 нускада эсептешүү инвойсун жөнөтүү менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
Эгерде сиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда айтылганды жооп катыңыз менен ырастасаңыз, сиздин Улуу мартабаңызга ушул жана жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Сиздин Улуу мартабаңызга катыңыздын жогоруда баяндалган тексти менен макул болгондугун ырастайм.
Ушуга байланыштуу сиздин Улуу мартабаңызга катыңыз жана ушул жооп кат биргелешип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт, ал кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Терең урматтоо менен, |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.О.Кожошев |
______________________
Бишкек ш., 2017-жылдын "__" апрели
Долбоор
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министри Улуу Мартабалуу А.О.Кожошев мырзага |
Улуу Мартабалуу,
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чын ыкластан достук кеңешүүлөр аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорун ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө келишимге келишкендигин ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу жана жабдуу боюнча долбоорду техникалык-экономикалык негиздөө иштерин жүргүзүүгө, бул Долбоорду бекитүү максатында макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТЭНди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон негизги маалыматтарды берүүгө, кытай тараптын ишине көмөк көрсөтүү үчүн ведомствону же органды дайындоого милдеттенет. ТЭН оң натыйжаларга ээ болгон учурда тараптар Долбоорду бекитүү жөнүндө макулдашууга кошумча кол коюшат.
2. ТЭНди иштеп чыгуу иштерин аткаруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу жана жабдуу боюнча долбоорго экспедиция жүргүзүү үчүн адистер тобун Кыргыз Республикасына жиберет. Экспедиция жүргүзүлүп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке көмөктөшүү үчүн зарыл болгон техникалык персоналды өз эсебинен жиберет, иштеп жаткан жерде кытайлык адистердин коопсуздугун камсыздайт, транспортту жана керектүү техникалык материалдарды бекер берет, кытайлык адистердин кетүүсү боюнча, ошондой эле экспедиция жүргүзүү үчүн зарыл болгон приборлорду жана жабдууларды бажы алымынан бошотуу менен аларды алып кирүү жана алып чыгуу боюнча документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
3. Жогоруда аталган экспедицияны жүргүзүүгө кытай тараптын чыгымдары 920000 (тогуз жүз жыйырма миң) кытай юанын түзөт жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 4-декабрында түзүлгөн техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген уюм ушул катка жана Сиздердин жооп катыңызга ылайык 4 нускада эсептешүү инвойсун жөнөтүү менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
Эгерде сиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда айтылганды жооп катыңыз менен ырастасаңыз, сиздин Улуу мартабаңызга ушул жана жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен, |
|
|
|
| Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа |
______________________
Бишкек ш., 2017-жылдын "__" апрели