Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-августу ПБ № 239
1. Кыргыз Республикасы менен Зимбабве Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А. Ш.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Зимбабве Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Зимбабве Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө жана урматтоо, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү тиешелүү түрдө урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган элчилердин деңгээлиндеги дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, англис жана орус тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Нью-Йорк шаарында 2017-жылдын "__" _________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Зимбабве Республикасы үчүн |