Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-июлу № 288-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жана искусство тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жана искусство тармагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды эске алып,
- эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени мындан ары өнүктүрүүгө ниеттенип,
- эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүдө искусство менен маданияттын маанилүүлүгүн, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды күчөтүүнү эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктардын негизинде, ошондой эле эки Тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, Тараптар өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маданият чөйрөсүндөгү мамилелерди бекемдешет.
2-берене.
Тараптар ар бир өлкөнүн башка өлкөдөгү Маданият күндөрүн бирге уюштурушат. Маданият күндөрүн уюштуруунун шарттарын жана мөөнөтүн Тараптар өз убагында жекече тартипте макулдашат.
3-берене.
3.1. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт: музыка, опера жана балет, ошондой эле топтор жана ансамблдер, композиторлор, дирижёрлор, хореографтар, кийим жана интерьердин дизайнерлери, оркестрлер жана чыгармачылык чөйрөсүндөгү башка кесипкөй адистер менен алмашып турууну колдошот жана опера менен балет артисттери үчүн турларды уюштурушат.
3.2. Тараптар өз өлкөсүндө кесиптик окуу курстарын уюштурат жана иш тажрыйбасы менен бөлүшүү жана башка өлкөнүн маданияты менен таанышуу максатында жаш эксперттердин маданият тармагында катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
3.3. Тараптар өз аймагында өткөрүлө турган эл аралык сынактарга жана фестивалдарга башка өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусуна көмөктөшөт.
4-берене.
4.1. Тараптар театр жамааттарынын чыгып ойногону жана турларды уюштуруу аркылуу театр союздары, драма театр, куурчак театры жана башка театрлардын ортосундагы кызматташтыкты жана мамилелерди колдошот.
4.2. Тараптар театр искусствосу чөйрөсүндө кесип чеберлери, актерлор жана театрлардын жетекчилери менен өз ара алмашууну колдоп, театр чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоого багытталган театрдык окутууну жана практикадан өтүүнү уюштурушу керек.
5-берене.
5.1. Тараптар өлкөдө өткөрүлө турган эл аралык кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр жөнүндө бири-бирине билдирүүгө тийиш жана ушул иштеги өз ара катышты колдошот.
5.2. Ар бир Тарап көргөзмөнүн датасын жана темасын 6 (алты) ай мурун башка Тарапка билдирип турууга тийиш, анын башталышына чейин 3 (үч) ай мурун көргөзмө жөнүндө зарыл болгон техникалык маалыматтарды бериши керек.
5.3. Кабыл алуучу Тарап өз өлкөсүнүн аймагында өткөрүлүп жаткан көргөзмөнү уюштуруу боюнча чыгымдарын жана бир шаардан экинчи шаарга көчмө көргөзмөсүнүн чыгымдарын көтөрөт.
6-берене.
Тараптар өз өлкөлөрүндө жүзөгө ашырыла турган эл аралык фольклордук фестивалдар жөнүндө, ошондой эле кесиптик жана өздүк көркөм иш-чаралары тууралуу бири-бирине маалымдайт, башка Тараптын топторунун ушул ишке катышуусун колдойт.
7-берене.
Тараптар өз ара негизде маданий топтору менен алмашууну колдошот жана кабыл алуучу Тарап келген труппаны өз аймагында жайгаштыруу, трансферт жана башка бардык чыгымдарын көтөрүүгө тийиш.
8-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын өлкөлөрү үчүн башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
9-берене.
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор өз ара макулдашуу боюнча киргизилет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп санала турган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат, эгерде колдонуу мөөнөтү аяктаганга 6 (алты) ай калганга чейин Тараптардын бири экинчи тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Бул Макулдашуу _____________ шаарында 20___-жылдын "___" __________________ эки түп нускада ар бири кыргыз жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн |