Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 198-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда конструктивдүү экономикалык кызматташууну улантуу максатында:
1. 2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |