Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-июну № 211-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасына жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (мындан ары - БИМУ),
Кыргыз Республикасы БИМУнун мүчө-мамлекети жана БИМУ башкаруучу ар кандай көп тараптуу келишимдер менен конвенциялардын катышуучусу болуп саналарын эске алып,
интеллектуалдык менчик жаатындагы эки тарашуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп,
улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн келечекте интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды натыйжалуу коргоо жана пайдалануу үчүн шарттарды өнүктүрүүгө ниеттенгендигин эске алып,
БИМУнун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө интеллектуалдык менчиктин улуттук системасын мындан ары өнүктүрүүгө карата өз максаттарына жетишүүсүнө көмөктөшүүгө даяр экендигин өз убагында белгилеп,
Өз ара түшүнүү жөнүндө ушул меморандумга (мындан ары - Меморандум) кол коюуну чечишти:
I. Максаты
1. Ушул Меморандумдун максаты Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүндө интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү жана аны өнүктүрүү болуп саналат.
Тараптар ушул Меморандумга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, башка эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайда көрүүнүн жана теңдиктин негизинде интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана өнүктүрөт.
Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүлөргө багытталат:
- интеллектуалдык системаны жана инновациялык ишти өркүндөтүү аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук стратегияны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- инновациялык ишти өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчик объектилерин оптималдуу пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- алдыңкы технологияларды берүү механизми аркылуу экономиканы модернизациялоого көмөктөшүү;
- коомго интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө маалымат берүүнү жогорулатуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоонун натыйжалуу системасын түзүү;
- ойлоп табуучулук жана инновациялык ишти колдоо аркылуу интеллектуалдык чыгармачылыкка дем берүү, колдоо жана жигердендирүү, ошондой эле жаштарды илимий-техникалык чыгармачылык чөйрөсүнө жигердүү тартуу жана жогорку кесиптик билим берүү программасына интеллектуалдык менчик боюнча курсту киргизүү;
- бизнес жана инвесторлор үчүн тиешелүү кайтарымды жогорулатууга көмөктөшүүчү интеллектуалдык менчик объектилерин натыйжалуу пайдалануу;
- илимий-изилдөө борборлорунан рынокко технологияларды берүүгө, ата мекендик экономиканы модернизациялоо үчүн чет өлкөлүк алдыңкы технологиялардын импорттоого жана керектөөчүлөргө жаңы продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө көмөктөшүүчү бир катар чараларды ишке ашыруу;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы илимий чөйрөнү жана бизнес-коомчулукту, мамлекеттик мекемелердин кадрларын кесиптик даярдоону кошо алганда, анын ичинде БИМУнун Академиясынын кесиптик өнүктүрүү программаларынын жана интеллектуалдык менчик менен байланышкан башка программалардын алкагында, интеллектуалдык менчиктин активдерин башкаруу жаатында алардын потенциалын жогорулатуу максатында интеллектуалдык менчик жаатындагы адам ресурстарын өнүктүрүү;
- университеттер жана илимий-изилдөө уюмдары тарабынан интеллектуалдык менчик жаатындагы институттук саясатты иштеп чыгууга, ошондой эле изилдөө борборлорунан өнөр жайга жана бизнеске технологиялар трансферин жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууга дем берүү;
- мындан ары Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлор тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- интеллектуалдык менчик системасын пайдалануу үчүн университеттердин жана илимий-изилдөө мекемелеринин, чарбакер субъекттердин, чакан жана орто ишканалардын потенциалын чыңдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын потенциалын жана административдик куралдарын чыңдоо;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
II. Иш-чаралар
2. Тараптар ушул Меморандумдун максаттарына жетишүү үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы бир катар багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышат. Кандайдыр бир биргелешкен долбоор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кабыл алынат жана Тараптар кабылышы мүмкүн болгон, бюджеттик жана кадрдык чектөөлөрдү эске алуу менен аткарылат.
III. Катышуучу мекемелер
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар бир конкреттүү учурда ушул Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларга тартылуучу тиешелүү органдарды, мекемелерди, уюмдарды же адамдарды аныктайт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан координатор катары чыгат.
IV. Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
5. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө Протоколдор менен таризделет.
V. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
6. Бул Меморандум боюнча ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынат.
VI. Меморандумдун күчүнө кириши, колдонулуу мөөнөтү жана токтотулушу
7. Ушул Меморандум ага кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет. Ушул Меморандум беш жыл мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу эгер Тараптардын бири дагы ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө аталган мөөнөт өткөнгө чейин кеминде алты ай мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарлабаса, кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
8. Эгер Тараптардын бири ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууну чечсе, анда ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында долбоорлордун же иш-чаралардын натыйжасында мурда күчүнө кирген милдеттенмелер Тараптардын башка келишимдери болбосо, козголбошу керек.
9. ____________________ шаарында 2017-жылдын "___" ______________________ ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде, эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму үчүн |