Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-июну № 235-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Кара тумоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Кара тумоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо кызматташтыгы жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламатсакмин) бир тараптан жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы (мындан ары - "Роспотребнадзор") экинчи тараптан,
кара тумоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо, адамдардын кара тумоо оорусуна чалдыгуусун жана өсүп бараткан интеграциялык процесстердин жана региондук кызматташтыктын өнүгүү шартында аталган оорунун жайылышын болтурбоо жаатындагы кызматташтыкты биргелешип жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн эске алып,
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стратегияларын, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча аракеттерди жигердүү күчөтүү принциптерин колдоого алып,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимдин жоболоруна таянып, төмөнкүлөр туурасында макулдашты:
1-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кара тумоонун табигый очокторунун аймактарында кара тумоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу жаатында илимий-техникалык кызматташтыкты Тараптар катышкан эл аралык келишимдерге жана Тараптардын мыйзамдарына ылайык өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар төмөнкү биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашырууда уюштуруу-методикалык колдоо көрсөтүшөт:
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарындагы кара тумоонун табигый очокторун эпизоотологиялык текшерүү маселелери боюнча Тараптардын кара тумоого каршы мекемелеринин адистеринин катышуусунда жумушчу кеңешмелерди өткөрүү;
- Саламатсакмин менен Роспотребнадзор, ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын ортосундагы кара тумоонун табигый очокторунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык жана эпизоотологиялык кырдаал туурасындагы маалымат менен алмашуу;
- Тараптардын адистеринин катышуусу менен кара тумоого шектүү бейтапты аныктоого машыгууларды өткөрүү;
- Роспотребнадзордун илимий уюмдарынын базасында "эпидемиология" жана "бактериология" адистиктери боюнча Кыргыз Республикасынын кара тумоого каршы мекемелеринин адистери үчүн билимин өркүндөтүү курстарын өткөрүү;
- кара тумоого санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн геомаалыматтык системаларын жана заманбап диагностикалык технологияларын ишке киргизүүгө багытталган илимий-изилдөө иштерин аткаруу, илимий макалаларды жарыялоо, биргелешкен жамааттык монографияларды басып чыгаруу, мамлекеттер аралык илимий конференцияларды өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында изилдөө иштерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын кара тумоого каршы мекемелерине материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү.
3-берене.
Кайтарымсыз материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнүн көлөмү жана тартиби, көрсөтүлүүчү жардамды пайдаланууну контролдоо механизми Саламатсакмин же Роспотребнадзордун ортосунда, же алардын ыйгарым укуктуу ведомстволук мекемелеринин ортосунда түзүлгөн өз алдынча келишим менен аныкталат.
4-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын катышкан башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан укуктары менен милдеттерин козгобойт.
5-берене.
Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптардын ортосундагы талаш маселелер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
6-берене.
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
7-берене.
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Бул Макулдашуунун күчү Тараптардын макулдугу боюнча узартылышы мүмкүн.
Ар бир Тарап башка Тарапка бул Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирмени, ошол токтотууну болжолдогон датага чейин алты айдан кечикпей жибергенде, бул Макулдашуунун күчү токтотулат.
Макулдашууга кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада, ____________ шаарында, 2017-жылдын "__" _____________ кол коюлду. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер жаралса, орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы үчүн |