Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-августу № 382-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
Тараптар ортосундагы илимий-техникалык кызматташуунун келечектеги өнүгүүсүн, ошондой эле анын андан аркы кеңейтүү, өз ара кызыгууну жараткан бирдиктүү программалардын жана долбоорлордун санын көбөйтүү зарылдыгын эске алып,
Тараптардын мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө илим жана технология чөйрөсүндөгү кызматташуусунун натыйжасында кошула турган салымды эске алуу менен,
мамлекеттердин изилдөө жана технологиялык потенциалдарын эске алуу, тең укуктуу жана өз ара пайда келтирүү принциптерин жетекчиликке алуу менен,
эки өлкөнүн экономикалык жана социалдык келечеги үчүн алынган нерселерди пайдаланууга кызыктыруучу жаңы жана жогорку технологиялар жаатында кызматташуу үчүн ишенимдүү негиздерди калыптандырууну каалоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык жалпы кабыл алынган принциптерди жана ченемдерди жетекчиликке алышат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт:
- наносистемалар жана материалдар;
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар;
- турмуш жөнүндө илимдер;
- айыл чарба илимдери;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;
- энергетика жана энергия үнөмдөө;
- Жер жөнүндө илим, анын ичинде сейсмология жана геология;
- кызматташуунун өз ара макулдашылган башка багыттары.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташуу төмөнкүдөй формада ишке ашырылат:
- технологияларды түзүү жана үйрөнүү боюнча бирдиктүү илимий-изилдөө программаларын, долбоорлорун ишке ашыруу;
- жаңы техника жана технологияларды үйрөнүүнү камсыздаган бирдиктүү илимий жамааттарды, лабораторияларды, ошондой эле инновациялык уюмдарды түзүү;
- экинчи Тараптын мамлекетиндеги илимий-изилдөө мекемелеринде, жогорку окуу жайларында, техникалык парктарда, архивдерде, китепканаларда жана музейлерде, анын ичинде бирдиктүү талаа изилдөөлөрүнүн жана экспедицияларынын илимий иштерин жүргүзүү;
- илимий-техникалык маалыматтар, документтер, адабияттар жана библиографиялык басылмалар, буюмдардын үлгүлөрү менен алмашуу;
- бирдиктүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн окумуштуулар жана адистер менен алмашуу;
- илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, илимпоздордун жана адистердин такшалмаларын уюштуруу;
- биргелешкен семинарларды, илимий конференцияларды, жумушчу жолугушууларды өткөрүү;
- мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештердин алкагында кызматташуу,
ошондой эле кызматташуу башка өз ара макулдашкан формаларда дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун макулдашуу жана ишке ашыруу үчүн Тараптардын аткаруучу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Өзбекстан Республикасынын Илим жана технологиялар боюнча агенттиги.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташып жаткан илимий мекемелеринин жана уюмдарынын ортосундагы тикелей илимий-техникалык байланыштарды өнүктүрүүгө тараптар өбөлгө түзүшөт.
6-берене.
Тараптар тең укуктуу жана өз ара пайдалуу илимий-техникалык кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн алкагында түзүлгөн интеллектуалдык иштин натыйжаларын коргоого болгон укуктар илимий-изилдөө иштерин аткарууга катышкан Тараптардын ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдарына же илимий уюмдарына бекитип берилүүгө тийиш.
7-берене.
Финансылык жана техникалык маселелер ушул Макулдашуунун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда түзүлгөн айрым келишимдердин же контрактылардын негизинде жөнгө салынат.
8-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууда мүмкүн болуучу талаш маселелер, Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
9-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу эгерде анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи тарапты кабарлабаса, анда кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана кийинки 5 жылдык мезгилге өзүнөн-өзү узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башка шарттар тууралуу сүйлөшүп албаса, анда Макулдашуунун колдонуу мезгилинде башталган, бирок анын колдонуу мөөнөтүнүн аягына чейин бүтпөй калган биргелешкен долбоорлорго, программаларга жана башка иш-чараларга таасирин тийгизбейт.
__________________ шаарында 2017-жылдын "___" _____________ эки түп нускада ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралган учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |