Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-сентябры № 411-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Венгриянын Ички иштер министрлиги,
эки мамлекеттин эгемендигин жана көз карандысыздыгын урматтоо менен,
кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана эркиндигин ишенимдүү коргоону камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн эске алып,
Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын ички иштер министрликтеринин ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу түзүү ниетинде,
өздөрүнүн эл аралык милдеттенмелерин, мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана өз ыйгарым укуктарын жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык полициялык кызматташуу, терроризмге жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташууга жана тажрыйба алмашууга бекем ниеттерин билдиришет.
2-берене.
1. Ар бир Тарап өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана эркиндигин, укуктук кызыкчылыктарын жана жеке менчигин коргойт.
2. Тараптар өздөрүнүн компетенцияларына кирген маселелер боюнча Тараптардын ички иштер органдары тарабынан экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынан жана юридикалык жактарынан арыздарды тоскоолсуз кабыл алууну жана кароону камсыз кылат.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1) өмүргө жана ден соолукка, адамдык ар-намысына жана жеке менчигине, ошондой эле адамдардын органдарын сатууга каршы кылмыштуулук менен күрөшүү.
2) эл аралык жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
3) террористтик жана экстремисттик иштин ар түрдүү формалары менен байланышкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
4) куралды, ок-дарыларды, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз сатып алууга, сактоого жана жүгүртүүгө каршы күрөшүү;
5) баңгизаттарын, психотроптук заттардын жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү;
6) адам сатуу жана мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүү менен байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү;
7) транспорт каражаттарын уурдоо менен байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү;
8) тарыхый жана маданий багыттагы объектилерге каршы багытталган кылмыштуулук менен күрөшүү;
9) жол кыймылынын эрежелерин бузууга каршы күрөшүү;
10) маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү;
11) сейрек жана жоголуп бараткан айбанаттардын мыйзамсыз жүгүртүүлөрү менен байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү;
12) Кылмыштуулук, кылмышкерлер жана уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө жөндөм түзүүчү, ошондой эле кылмыштарды иликтөөдө сапатын жогорулатуучу жана мөөнөтүн кыскартуучу маалыматтык системалардын заманбап ыкмаларын жана технологиясын колдонуу;
13) ички иштер органдарынын, анын ичинде полициянын системасын өнүктүрүү.
4-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, өз компетенцияларынын чегинде төмөнкү формаларда кызматташууну ишке ашырат:
1) кызматташууга катышуучу органдардын түзүмү, милдеттери жана жоопкерчилиги жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
2) Тараптардын иш чөйрөлөрүнө таандык болгон ченемдик укуктук актылар, ачык илимий жана методикалык адабияттарды, ошондой эле укук коргоо чөйрөсүндөгү окуу жана маалыматтык материалдарды алмашуу;
3) ушул Меморандумдун 3-беренесинде көрсөтүлгөн иш чөйрөсүндө тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен алмашуу;
4) өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди чечүү максатында эксперттерди алмашуу;
5) алардын бөлүмдөрүнүн ишинде колдонулуучу маалыматтык технологиялар жана жабдуулар чөйрөсүндөгү техникалык каражаттарды, чечимдерди колдонуу боюнча топтолгон тажрыйба менен алмашуу;
6) ички иштер органдарынын, анын ичинде полициянын ишин уюштурууда, ыкчам-издөө иш-чаралары, кылмыш ишин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу;
7) жасалган кылмыштардын жаңы методдору жана формалары жөнүндө маалыматтар менен алмашуу;
8) криминалдык, эксперттик-криминалисттик адистердин жана химиялык талдоо боюнча эксперттердин иши жөнүндө маалыматтарды берүү;
9) өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөдө конференцияларды, тегерек столдорду, жолугушууларды, таанышуу иш сапарларын жана семинарларын уюштуруу;
10) эл аралык операцияларды/миссияларды даярдоо, номинациялоо жана тандоо, ошондой эле катышуу, анын ичинде аларга биргелешип катышуу чөйрөсүндө тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу;
11) эксперттик-криминалисттик жана атайын жабдууларды, программалык камсыздоону жана укук коргоо иши чөйрөсүндөгү маалыматтык технологияларды, атайын кийимдерди, өндүрүштүк багыттагы продуктуларды, запастык бөлүктөрдү, чыгымдалчу материалдарды жана ички иштер органдары үчүн зарыл болгон башка товарларды өз ара пайдалуу шартта бири бирине берүү;
12) Тараптардын адистештирилген окуу жайларында билим берүүгө жана кадрларды кайра даярдоого өз ара жардам көрсөтүү;
13) спорттук жана маданий байланыштарды өнүктүрүү, кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн рекреациялык ден соолукту чыңдоону колдоо;
14) өз ара макулдашуу боюнча башка чөйрөлөрдө маалыматтарды алмашуу.
5-берене.
1. Тараптар өз кызматкерлерин жана башка кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу жөнүндө келишишти.
2. Тараптар ар бир жылдын башында жана жыл сайын бири-бирине өз окуу программаларын жиберип турушат жана иш-чараларга катышуу жактырылган учурда зарыл болгон даярдык чараларын көрүү максатында экинчи Тараптын кызыкчылыгын туудурган планга кирген конференциялар, семинарлар жана тегерек столдор жөнүндө алдын ала билдиришет.
6-берене.
1. Ушул Меморандумдун жоболорун, ошондой эле 3-беренеде каралган кызматташтыктын багыттарын ишке ашыруу максатында, төмөндө көрсөтүлгөн бөлүмдөр мындан ары - Байланыш бөлүмдөрү деп аталуучу байланыш бөлүмдөрү катары иштешет.
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн: Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы;
- Венгриянын Ички иштер министрлиги үчүн: Европалык кызматташтык департаменти.
2. Ушул Меморандумду ишке ашыруу процессинде Байланыш бөлүмдөрү бири-бири менен түздөн түз байланышты түзөт жана кызматташат. Алар суроо-талаптарды бири-бирине түздөн түз жиберишет жана ошол эле тартипте жооп беришет.
3. Байланыш бөлүмдөрү өздөрүнүн байланыш маалыматтары жөнүндө жана алардын өзгөргөндүгү тууралуу бири-бирине кабар берип турушат.
7-берене.
1. Ушул Меморандумдун алкагында суроо-талап алган Тарап суроо-талапты аткаруу өз мамлекетинин эгемендигине, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу кызыкчылыгына зыян келтирет деп эсептесе же улуттук мыйзамдарга же болбосо өз мамлекетинин эл аралык милдеттерине каршы келген учурда суроо-талапты толугу менен же бөлүгүн аткарбай коюшу мүмкүн.
2. Зарылдыгына жараша ушул берененин 1-пунктундагы жоболордун негизинде суроо-талапты четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин суроо-талап алган Тарап суроо-талап берген Тарап менен суроо-талапты ишке ашыруу үчүн суроо-талап берген Тарап зарыл деп эсептеген шарттар боюнча консультация алат. Бул учурда суроо-талап берген Тарап суроо-талапты аткаруучу Тараптын шарттары менен макул болот.
3. Суроо-талап алган Тарап суроо-талапты толук же жарым-жартылай четтетүү жөнүндө жана мындай четтетүүнүн себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө суроо-талап берген Тарапты кабарлайт.
8-берене.
1. Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптардын ички иштерине жооптуу органдар өз компетенцияларынын чегинде жана өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык байланыш түзүшү мүмкүн.
2. Байланыш бөлүмдөрү мындай байланыштар боюнча кабардар болушу керек.
9-берене.
Тараптардын өкүлдөрү зарылдыгына жараша ушул Меморандумга ылайык натыйжалуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүшү мүмкүн.
10-берене.
1. Ушул Меморандумду ишке ашыруу процессинде өзүнө тиешелүү болгон жактардын макулдугун алуу менен 4-берененин 4, 9, 11 жана 12-пункттарын аткаруудан тышкары жеке маалыматтар ачыкталууга жатпайт.
2. 3-беренеде көрсөтүлгөн маселелерге таандык болгон жеке маалыматтардан тышкары Тараптар үчүн пайдалуу болушу ыктымал маалымат Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. Тараптар алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алмашууга жатпаган маалыматтар менен алмаша албайт. Маалымат берүүчү Тарап жазуу жүзүндө макулдугун берген учурда ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында алынган маалымат үчүнчү тарапка берилиши же арналган максатынан башка себептер үчүн пайдаланышы мүмкүн эмес.
11-берене.
1. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча экинчи Тараптын ички иштерине жооптуу органга өздөрүнүн кызматкерлерин расмий иш сапарлар менен жиберүүгө укуктуу.
2. Бул расмий иш сапарлардын жүрүшүндө өз милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерге кабыл алуучу Тарап колдоо көрсөтөт, аларга зарыл болгон техникалык каражат, транспорт жана байланыш каналдары берилет. Зарылдыгына жараша аларга иш сапардын мезгилинде жашоо жерин табууга жана керектүү виза алууга жардам көрсөтүлөт.
12-берене.
1. Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чектеринде төлөшөт.
2. Зарылдыгына жараша Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды ар бир өзүнчө учурда өз ара макулдашуу боюнча төлөшөт.
13-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө англис тилин колдонушат. Башка тил колдонулган учурда Тараптар тиешелүү котормону же англис тилинде түшүндүрмө беришет.
14-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө же ишке ашырууда пайда болушу ыктымал талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
15-берене.
1. Ушул Меморандум эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу Тараптардын мамлекеттеринин милдеттерине таасирин тийгизбейт, башка формадагы кызматташуу түзүүгө жана өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратпайт.
2. Ушул Меморандум Европа Союзундагы мүчөлүгүнөн келип чыгуучу Венгриянын милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
16-берене.
1. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жыл бою колдонулат.
2. Эгерде Тараптардын бири колдонулушу токтой турган күндөн алты айдан кечиктирбей анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабар бербесе, анда Ушул Меморандумдун колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылып турат. Бул учурда, ушул Меморандум, экинчи Тарап колдонулушун токтотуу жөнүндө кабар алган күндөн тартып үч ай бою колдонулушун улантат.
3. Ушул Меморандумдун күчүнүн жоготушу, кызматташуунун алкагында ушул Меморандумдун күчү жоготулганга чейин макулдашылган иш-чаралардын аткарылышына таасирин тийгизбейт.
4. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Ушул Меморандумга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор өзүнчө протоколдор менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
___________ шаарында 2017-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз, венгер, орус жана англис тилдеринде эки нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө пикир-келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Венгриянын Ички иштер министрлиги үчүн |