Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 51-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 7-сентябры № 394-б
Евразия экономикалык бирлигинин сотунун статутунун 49-пунктуна ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 2 тиркеме):
1. Талашты кароо жөнүндөгү арыз менен, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин чечимдеринин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылууга ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылуулары боюнча координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечим жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин сотун кабарласын.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |