Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-февралы № 51-т
Евразия экономикалык бирлигинин сотунун статутунун 49-пунктуна ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 2 тиркеме):
1. Талаш-тартышты кароо жөнүндө арыз менен, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын чечимдерин түшүндүрүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар болуп төмөнкүлөр эсептелет деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы;
- "Бизнес-ассоциация ЖИА" юридикалык жактардын бирикмеси;
- "Эл аралык ишкерлер кеңеши" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылуулары боюнча координациялоочу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кабыл алынган чечим жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 394-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |