Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 5-сентябры № 385-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен аталган Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
эки мамлекеттин чек ара региондорунун ортосундагы достук мамилелерди, ынак коңшулукту жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1. Тараптар эки таратуу кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин натыйжалуу чечүү жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин патронажы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин (мындан ары - Кеңеш) түзүшөт.
2. Кеңештин курамына кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өзбек тараптан - Өзбекстан Республикасынын Андижан, Фергана жана Наманган облустарынын хокимдери кирет.
Кеңештин курамына ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар болгон ведомстволорунун жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү да кирет.
3. Кеңештин жыйындарына чакырылган адамдар (макулдашуу боюнча) катыша алышат.
4. Кеңеш зарылдыгына жараша туруктуу же убактылуу негизде жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
5. Кеңештин жыйындары бир жылда эки жолудан кем эмес кезек менен Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлөт.
Кеңештин алкагында кароого сунушталуучу документтердин долбоорлору жана материалдар жыйынга чейин бир айдан кечиктирилбей жиберилүүгө тийиш.
6. Жыйындын ишине, эгерде Кеңеш башка чечим кабыл албаса, кезектеги жолугушуу өтүп жаткан аймактагы мамлекеттин Премьер-министри төрагалык кылат.
7. Тараптардын биринин демилгеси боюнча кечиктирилгис маселелерди кароо үчүн Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылышы мүмкүн.
Кеңештин кезексиз жыйыны демилге көтөргөн мамлекеттин аймагында же тараптардын макулдашуусу боюнча өткөрүлөт.
8. Кеңеш төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара региондорунун ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча иш-чаралардын биргелешкен планын ишке ашыруу мониторингин жүргүзүүнү, ал туруктуу негизде үч жылдык мезгилге кабыл алынат;
- чек ара региондорунун ортосундагы бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин абалын туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону ишке ашырууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелерди жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгууну;
- чек ара региондорунун ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштамаларды даярдоону;
- соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракетти өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү;
- инновациялар, илим, маданият, билим берүү чөйрөлөрүндө, анын ичинде тилди, саламаттык сактоону, спортту, туризмди өнүктүрүүдө жана өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду жана региондор аралык программаларды ишке ашырууга көмөктөшүүнү;
- региондук башкаруу жана аймактарды стратегиялык өнүктүрүү жаатында адистерди жиберүүнү;
- пайда болгон маселелерди өз учурунда чечүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну.
9. Кеңештин чечимдери консенсустун негизинде кабыл алынат жана Протокол түрүндө таризделет, ал эки нускада түзүлөт.
Кеңештин кабыл алынган чечимдерин аткаруу максатында кызыкдар болгон министрликтер, ведомстволор жана уюмдар тарабынан аларды ишке ашыруу боюнча пландар же программалар кабыл алынат.
10. Кабыл алуучу мамлекет Кеңештин жыйынын өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды көтөрөт, Кеңештин жыйындарын өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматтык, материалдык-техникалык, транспорттук жана башка уюштуруу шарттарын түзөт.
Жиберүүчү Тарап, эгерде Тараптар башка келишим кабыл алышпаса, Кеңештин жыйынына катышуу үчүн Кеңештин улуттук бөлүгүнүн мүчөлөрүн командировкага жиберүү боюнча чыгымдарды көтөрөт.
11. Кеңештин ишин убагында жана жыйындардын ортосундагы мезгилде координациялоону Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтери ишке ашырышат.
12. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Меморандумду жетекчиликке алат.
13. Кеңештин жумушчу тили орус тили болуп саналат.
14. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
15. Ушул. Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
_________________ шаарында 2017-жылдын "___" _______________ кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ, Ушул Меморандумду чечмелөө максаттары үчүн орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |