Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры № 440-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департаменттин ортосундагы Экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департаменттин ортосундагы Экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндөгү МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департамент,
экономикалык жана финансылык кылмыштарга, анын ичинде банктык жана насыялык-финансылык чөйрөдөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле экономикалык жана финансылык кылмыштардын натыйжасында алынган кирешелердин изин жашырууга (легалдаштырууга) каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташууну күчөтүү максатында,
Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык коопсуздугуна зыян келтирүү менен байланышкан кесепеттердин бардыгынын олуттуулугун эске алышып,
Бириккен Улуттар Уюмунун 2003-жылдын 31-октябрындагы Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун, ошондой эле 1996-жылдын 12-апрелиндеги Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну эске алып,
экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүүдө өз ара кызыкчылыктардан улам,
өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерди жетекчиликке алып төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Ушул Макулдашуунун предмети экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы натыйжалуу күрөшүүнү уюштуруу максатында Тараптардын кызматташуусу болуп саналат.
2. Кылмыш-жаза иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү бул маселелерди жөнгө салган эл аралык келишимдердин алкагында ишке ашат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенциясынын алкагында өз мамлекеттеринин жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей эле башка Тараптын мамлекетинин жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана мүлктөрүн коргоону камсыз кылат.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй түрдө ишке ашат:
а) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүгө тийиштүү маселелер боюнча маалыматтарды алмашуу, мамлекеттик сыр болгон маалыматтардан тышкары статистикалык маалыматтарды берүү;
б) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды алдын алуу, табуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
в) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, тергөө жана бетин ачуу боюнча иш тажрыйбаны алмашуу, анын ичинде окуу, методикалык жана атайын адабияттарды алмашуу;
г) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
д) кадрларды даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга жардам көрсөтүү;
е) Тараптардын биринин суроосу боюнча экономика жана финансы чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуучу ченемдик актыларга тийиштүү маалыматтарды берүү;
ж) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макулдашууларга, эл аралык укуктун башка ченемдерине каршы келбеген тийиштүү чечимдери бар болсо, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактарында экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштардын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга (активдерди арестке алууга) жардамдашуу;
з) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макулдашууларга, эл аралык укуктун башка ченемдерине каршы келбеген тийиштүү чечимдери бар болсо, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактарында экономикалык жана финансылык кылмыштарды табуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында оперативдүү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жардамдашуу;
и) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштардын натыйжасында алынган кирешелердин изин жашырууга (легалдаштырууга) каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташуу;
к) алдын ала макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү;
л) эгерде Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макулдашууларга, эл аралык укуктун башка ченемдерине каршы келбесе кызыкдар Тараптын суроосу боюнча кылмышты изилдөөгө жана далилдерди чогултууга, кылмыш кылган адамды издөөгө жана мүлкүн өндүрүүгө чегерүүгө, аларды издөөгө жана репатриациялоого жардамдашуу.
4-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташтык кызыкдар Тараптын жардам берүү жөнүндө суроосунун негизинде же мындай жардамдашуу экинчи Тарап үчүн кызыкчылыгы бар деп эсептеген Тараптын демилгеси боюнча ишке ашырылат.
2. Жардам берүү жөнүндө суроо жазуу жүзүндө жиберилет. Суроону жиберүү үчүн телекоммуникациянын заманбап каражаттарын пайдаланууга болот.
3. Суроону аткаруу мөөнөтү - 30 календарлык күн.
5-берене.
1. Эгерде суроону алган Тарап суроону аткаруу анын мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартипке же мамлекеттин башка орчундуу кызыкчылыктарына зыян келтирет деп эсептесе, же анын мамлекетинин мыйзамдарына же эл аралык милдеттенмелерине каршы келсе ушул Макулдашуунун алкагында жардам көрсөтүүдөн толугу менен же айрым бөлүгүн аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
2. Суроо жиберген Тарапка баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жардам көрсөтүүдөн толугу менен же айрым бөлүгүн аткаруудан баш тартылганы жөнүндө жазуу жүзүндө 30 күндүн ичинде билдирилет.
6-берене.
1. Суроону алган Тарап суроону бат жана мүмкүн болушунча толук аткарууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Суроо жиберген Тарапка суроону аткарууга тоскоол болгон же аны аткарууну кечеңдеткен шарттар жөнүндө 30 күндүн ичинде билдирилет.
2. Эгерде суроону аткаруу суроону алган Тараптын компетенциясына кирбесе бул тууралуу суроо жиберген Тарапка 30 күндүн ичинде билдирилет.
3. Эгерде суроо жиберген Тараптын кызыкчылыгына доо келтирбесе, Суроону алган Тарап суроону талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген кошумча маалыматтарды суроонун предметинин (объектинин) чегинде суроого укуктуу.
4. Эгерде суроону алган Тарап суроону тез аткаруу анын мамлекетинде жүргүзүлүп жаткан кылмышты изилдөө ишине же башка иштердин өндүрүшүнө тоскоол болот деп эсептесе суроону аткарууну кийинкиге жылдыра алат же сурап жаткан Тарап менен кеңешкенден кийин зарыл деп эсептелген шарттарды сактоо менен аткарса болот. Суроону жиберген Тарап жардам сунушталган шартта көрсөтүлүшүнө макул болсо, суроо жиберген Тарап ал шарттарды аткарууга тийиш.
5. Суроону алган Тарап суроо жиберген Тараптын өтүнүчү боюнча суроонун, анын мазмунунун жана ага тиркелген документтердин, ошондой эле жардам көрсөтүү фактысынын жашырындыгын камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
Суроону аткарууда жашырындыкты сактоого мүмкүн болбогон учурда суроону алган Тарап ал жөнүндө суроо жиберген Тарапка маалымдайт жана ал суроону ушундай шартта аткаруу керек же керек эместигин чечет.
6. Суроону алган Тарап суроо жиберген Тарапка суроону аткаруунун натыйжасы жөнүндө мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө маалымдайт.
7-берене.
1. Эгерде суроону аткаруунун натыйжасында башка Тараптан алынган маалыматтар жана документтер жашырын болсо же берип жаткан Тарап алардын ачыкка чыгарылышын каалабаса ар бир Тарап маалыматтардын жана документтердин жашырындыгын камсыздайт. Мындай маалыматтардын жана документтердин жашырындык даражасы берип жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аныкталат.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде суроону аткаруудан алынган натыйжалар ошол суроого жана аны берүүгө байланышкандан башка максаттарга суроону жиберген Тараптын макулдугусуз пайдаланылбайт.
3. Ушул Макулдашуунун негизинде бир Тараптан алынган маалыматтарды үчүнчү Тарапка берүү үчүн ошол маалыматты берген Тараптын алдын ала макулдугу керек.
8-берене.
Ушул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана аны андан ары өркүндөтүүнүн багыттарын иштеп чыгуу үчүн Тараптар биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрө алышат.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жобосун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу Тараптардын ортосунда пайда болгон кайчы пикирлер кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
10-берене.
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууну өзүнүн мамлекетинин аймагында аткарууга байланышкан чыгымдарды өз алдынча көтөрөт.
2. Эгерде Тараптардын ортосунда жазуу жүзүндөгү башкача макулдашуу болбосо, Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барышына жана жашоосуна байланышкан бардык чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт.
3. Суроо жиберген Тараптын өкүлдөрүнүн иш сапарлары суроо жиберилген Тараптын алдын ала макулдугу менен ишке ашырылат.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу үчүн Тараптар иштешүүнүн тили катары орус тилин пайдаланышат.
12-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
13-берене.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө чейин түзүлөт.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бирөөсү башка Тараптан Макулдашууну токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Ташкент шаарында 2017-жылдын "__" ________________ ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салыктык, валюталык кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча департамент үчүн |
Төрага |
| Башчы |