Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры № 442-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Өзбек Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Статистика жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Өзбекстан Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Статистика жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Өзбекстан Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик комитети өлкөлөрдүн ортосунда статистика жаатындагы кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана компетенциясынын алкагында төмөнкү тармактарда кызматташат:
а) эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдар тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу;
б) жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жаатында тажрыйба алмашуу, анын ичинде статистикалык маалыматтар базаларын түзүү жана башкаруу, статистикалык маалыматтарды чогултууда маалыматтык технологияларды пайдалануу;
в) илимий жана методологиялык изилдөөлөр боюнча кызматташуу жана өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду киргизүү;
г) эки мамлекеттин социалдык-экономикалык абалы тууралуу басылмаларды алышуу;
д) статистикалык изилдөөлөрдү, каттоолорду жана байкоолорду жүргүзүү, статистикалык системаларды түзүү жана иштетүү үчүн керек болгон статистикалык материалдар жана методологиялык документтерди алышуу;
е) статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана талдоо жаатында экинчи Тараптын тажрыйбасын изилдөө максатында адистердин өз ара визиттери.
2-берене.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумдун жоболорун чечмелөө же колдонуу учурунда кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечишет.
3-берене.
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды Тараптар өз алдынча көтөрүшөт.
4-берене.
Ушул Меморандумга өз ара жазуу жүзүндөгү макулдук боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана бул Меморандумдун 5-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5-берене.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү ушул меморандум Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптын бири жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн бүтүшүнө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен дипломаттык каналдар аркылуу экинчи Тарапка Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу өзүнүн каалоосун жазуу жүзүндө билдирбесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
________________ шаарында 201___- жылдын "___" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттердин мааниси бирдей болуп саналат. Ушул Меморандумду чечмелөө жана колдонуу учурунда кайчы пикирлер келип чыкса, орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик комитети үчүн |
А.Ш.Султанов |
| Б.Бегалов |