Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-октябры № 447-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети, туризм жаатында тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө биргелешип умтулууга негизденип,
эки өлкөнүн ортосунда туристтик агымдын өсүшүнө көмөк көрсөтүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын мамлекетинин элдеринин илим, социалдык өнүктүрүү, маданият жаатындагы жетишкендиктери, жаратылышы жана ажайып жайлары, ошондой эле тарыхый эстеликтери жана маданий салт-санаалары менен тааныштыруу максатында Тараптар туризм жаатында кызматташуунун кеңейишине көмөктөшөт.
2-берене.
Тараптар эл аралык конференцияларды, форумдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолорду уюштуруу жолу менен "Улуу Жибек жолу" жана башка сыяктуу биргелешкен туристтик маршруттардын жана бренддердин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар жайкы туристтик сезондо эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы автобус маршруттарынын, ар жылдык "Ташкент-Балыкчы" темир жол маршрутунун жана "Ташкент - Ысык-Көл - Ташкент" жана "Бишкек - Самарканд - Бишкек" авиакаттамынын ачылышына көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар туроператорлордун ортосунда түз байланыштардын болушуна көмөк көрсөтөт жана туристтик топтордун өз ара каттамдарын уюштурууга жардам берет.
Тараптар биргелешкен турпродуктуларын жана айкалыштырылган туристтик маршруттарды түзүү жана илгерилетүү боюнча туристтик индустриянын өкүлдөрүнүн демилгелерине колдоо көрсөтөт.
5-берене.
Тараптар өз өлкөлөрүндө башка Тараптын мамлекетинин туристтик потенциалы тууралуу маалыматтарын таратууга көмөк көрсөтөт жана жалпыга маалымдоонун, адистештирилген туристтик-маалыматтык борборлордун электрондук жана басма каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жагымдуу туристтик маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында туристтик ресурстар жөнүндө статистикалык маалыматтык материалдарды өз ара алмашат.
6-берене.
Тараптар туристтердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, туризмдин коопсуздугун камсыздоо маселелеринде кызматташууну өнүктүрүү боюнча керектүү чараларды көрөт.
7-берене.
Тараптар эки өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтуу жана өз ара туристтик агымын көбөйтүү максатында алардын региондорунун ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуунун түзүлүшүнө жана өнүктүрүлүшүнө көмөк көрсөтөт.
8-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги менен "Өзбектуризм" Улуттук компаниясынын ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу күчүн жоготот.
9-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
10-берене.
Тараптар туристтик байланыштарынын абалын аныктоо жана өз ара кызматташуунун багыттарын талкуулоо үчүн Тараптардын мамлекеттеринин туристтик уюмдарынын өкүлдөрү кирүүчү биргелешкен жумушчу топ түзүүгө макулдашты.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу менен байланышкан чыгымдар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ар бир Тараптын тийиштүү чөйрөсүнө бөлүнгөн финансылык ресурстарынын чегинде каржыланат, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача макулдашуу болбосо.
11-берене.
Тараптардын арасында ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделип, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптын биринин ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниети тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 3 (үч) ай өткөнгө чейин жарактуу болот.
______________ шаарында 2017-жылдын "___" _____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети үчүн |