Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 5-октябры № 461-б
Ташкент шаарында 1996-жылдын 24-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүктуү достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
Ташкент шаарында 1996-жылдын 24-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүктүү достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
суу ресурстарын колдонууда өз ара пайдалуу кызматташууга, суу чарба курулмаларын ишенимдүү жана коопсуз пайдаланууну камсыздоого терең маани берүү менен,
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын суу ресурстарын мамлекеттер аралык натыйжалуу пайдаланууда кыйла кынтыксыз жана адилеттүү чечим табууга өз ара ниет коюп,
аймактык бүтүндүк, эгемендүү тең укуктуулук жана коңшулук мамиле куруу принциптерине таянуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын суу ресурстарын пайдалануу, аны эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө Тараптардын мамлекеттеринин калкын өз ара пайдалуу, адилеттүү жана акылга сыярлык негизде суу менен туруктуу камсыздоо максатында жүзөгө ашырылууга тийиш экендигин Тараптар өз ара түшүнүшөт.
2-берене.
Кыргыз тарабы суу чарба курулмаларынын коопсуздугун камсыздайт, эксплуатациялайт, техникалык жактан тейлейт жана өз ара таанылган колдонуудагы документтердин жана ченемдик актылардын негизинде Тараптардын ортосунда макулдашылган лимиттердин чегинде сууну Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынан чыгарат.
Өзбек тарабы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышка кирет жана алынган суунун көлөмүнө жараша башка макулдашылган иш-аракеттерди аткарат. Сарптоолорго ар түрдүү салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча талаптар коюлбайт.
3-берене.
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын коопсуз жана ишенимдүү иштетүүнү камсыздоо максатында Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде суу сактагычка баруу укугу менен туруктуу иштөөчү Комиссияны түзүшөт.
Комиссиянын негизги максаты Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын иштөө режимин жана суу топтоо лимитин белгилөө, аны эксплуатациялоого жана техникалык жактан тейлөөгө зарыл болгон чыгымдардын көлөмүн аныктоо болуп эсептелет.
Тараптар жыл сайын Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынан алынган суунун көлөмүнө жараша аны эксплуатациялоого жана техникалык жактан тейлөөгө зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү жана багыттоону камсыздашат.
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
4-берене.
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычында күтүлбөгөн табигый кубулуштан же техникалык себептен улам өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кыргыз Тарабы өзбек Тарабын дароо кабарлайт.
Тараптар алардын алдын алуу, азайтуу жана кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди көрүшөт.
Зарылдыгына жараша кыргыз Тарабынын суроо-талабы боюнча кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу авариялардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган жабдуулар, техникалар жана персонал белгиленген тартипте оперативдүү өткөрүлөт.
5-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштар же кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар аларды эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Макулдашуунун 6-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
6-берене.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ташкент шаарында 2017-жылдын "__" ______________ орус тилиндеги эки түп нускада түзүлдү. Тараптар ушул Макулдашуунун кыргыз жана өзбек тилдериндеги тексттери менен дипломатиялык каналдар боюнча алмашат. Ушул Макулдашуунун бардык тексттери бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |