Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 7-июну № 79
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар боюнча жана материал таануу институтунун кызматкерлеринин даттанууларын кароо үчүн:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө даттанууда баяндалган фактыларга объективдүү жана ар тараптуу текшерүү жүргүзсүн жана иштин жыйынтыгын конкреттүү сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мкнистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун эксперттерин жана тийиштүү адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор суралган маалыматты ведомстволор аралык комиссияга берип турушсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын
Курамы
Бакиров Артур Жылдызбекович
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директорунун орун басары. комиссиянын төрагасы; |
Усеков Уланбек Абдилазизович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билйм берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти, комиссиянын төрагасынын орун басары.
|
Комиссия мүчөлөрү:
Чонтоев Догтурбек Токтосартович
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин уюштуруу-укуктук иштер жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын начальниги; |
Токтогулов Алмаз Асанкулович
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун укук бөлүмүнүн башчысы;
|
Тольбашиева Джаныл Усеновна
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун аппаратынын кадрлар, укуктук, документтик камсыздоо жана архив бөлүмүнүн начальниги;
|
Аккозиев Имиль Акунович
| Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору (макулдашуу боюнча);
|
Шаршеналиев Жаныбек Шаршеналиевич | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |
Кутанов Аскар Асанбекович | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |
Жайнаков Аманбек Жайнакович | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |