Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 10-августу № 147
Жер укук мамилелери жана шаар куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин комплекстүү изилдөө максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мыйзам бузууларды четтетүүгө багытталган функцияларды, иш-чараларды жана иштерди, ошондой эле уюштуруучулук документтерди сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу маселелерин кароо графигин иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2016-жылдын 20-сентябрына чейинки меөнөттө ушул пункттун экинчи абзацында аталган маселелерди кароонун негизинде иштелип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарын. ошондой эле эксперттик жана жарандык коомдоштуктун өкүлдөрүн ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынан суроого.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Бишкек шаарынын мериясына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Исаков Ж.Ы.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Абакиров Э.К.
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
| Жумушчу топтун мүчөлөрү:
|
Кузнецов Е.Ю.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Узаков А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сейитбеков Н.С.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери;
|
Карыбаев С.С.
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бешинчи Башкы башкармалыгынын кызматкери; |
Усенбекова А.Д
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;
|
Сооронова Н.Р.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жер кадастры жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги; |
Тулебердиев А.Т
| - "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Абдыманапов Ж.
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Ирискулбеков Э.Б
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Абдраимов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Цой В.П. | - Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Чекиров А.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча)
|