Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-октябры № 477-б
Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 3-чакан программасын ишке ашыруу алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 3-чакан программасын ишке ашыруу алкагында бюджеттик колдоо алуу маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүү тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Сүйлөшүү тобу бюджеттик колдоо алуу маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Э.Абакировго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Сүйлөшүү тобу мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында инвестициялык климаты жакшыртуунун экинчи программасынын 3-чакан программасын ишке ашыруунун алкагында бюджеттик колдоо алуу маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тобунун КУРАМЫ
Абакиров Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, сүйлөшүү тобунун жетекчиси; |
Кайкиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Кийизбаева Ж.И. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Калдыбаев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Жениш Н. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бардинова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Орозбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Асылкулов И.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Ниязалиев З.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Макенов Р.К. | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Келдибеков Н.Б. | - | Токмок шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Чолпонкулов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору; |
Чыдыева М.О. | - | Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча); |
Абрахманов К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги. |