Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-октябры № 476-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлиги,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана үзүрлүү кызматташтыкты көңүлгө алып, финансылык саясат жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу жаатындагы кызматташтыкка кызыкдар экендигин билдирип,
теңдиктин жана өз ара пайданын негизинде Тараптардын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты андан ары илгерилетүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтык тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын жана жоболорунун алкагында алардын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттенмелерин өз ара сыйлоо принциптерине негизделет.
2-берене.
Натыйжалуу кызматташтык максатында Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык:
а) Тараптардын компетенциясына кирген маанилүү маселелер боюнча маалымат жана тажрыйба алмашат, ага:
- бюджеттик, фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча улуттук мыйзамдар;
- мамлекеттик сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту камсыздоо;
- республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу;
- мамлекеттик-инвестициялык саясатты жүргүзүү;
- коркунучтарды башкаруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу;
- эл аралык финансы уюмдары менен кызматташтык боюнча тажрыйба алмашуу;
- мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу;
- казыналыкты модернизациялоо кирет;
б) эки өлкөнүн ортосунда терең өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү үчүн жогоруда эскертилген тармактарда таанышуу визиттерин жана семинарларды алмашуу, Тараптардын кызматкерлеринин ортосундагы тыгыз жумушчу өз ара мамилелерге жардам жана колдоо муктаждыктарын баалоо;
в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн техникалык жана консультациялык жардам берүү.
3-берене.
Бул Меморандумда эскертилип өткөн жааттарда кызматташтык максатында Тараптар биргелешкен комиссия түзөт, ал Тараптардын ар биринин талабы боюнча зарылдыкка жараша чакырылат. Комиссия бул Меморандумдун пункттарын ишке ашырууга көмөктөшөт, ошондой эле бул Меморандумду жакшыртуу жана Меморандумдун пункттарын ишке ашырууда пайда болгон кыйынчылыктарды чечүү боюнча сунуштарын берет.
Бул Комиссиянын чечимин Тараптар бекитүүгө тийиш.
4-берене.
Жогоруда көрсөтүлгөн программаларды каржылоо Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү аркылуу макулдашылат.
5-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирген, өзүнчө таризделүүчү, өз ара макулдашуу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизе алышат.
6-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык жүргүзүлүүгө тийиш болгон программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө макулдашууларды түзө алат.
7-берене.
Тараптар алардын мыйзамдарына ылайык ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган документтердин, маалыматтын жана башка маалыматтардын жашырындуулук принцибин сактоого тийиш.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейинки алты (6) ай мурун Меморандумду колдонууну токтотуу жөнүндө ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Меморандумду колдонууну токтотуу, эгер Тараптар башка чечим кабыл албаса, ишке ашыруусу ушул Меморандумдун колдонуу мезгилинде башталган программаларды жана/же долбоорлорду ишке ашырууну козгобошу керек.
Ушул Меморандумдун жоболорун талкуулоого жана колдонууга тийиштүү маселелер боюнча ар кандай кайчы пикирлерди жана талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар өткөрүү аркылуу чечет.
Төмөндө кол койгон тийиштүү өкмөттөр тарабынан ыйгарым укук берилгендер күбө катары ушул Меморандумга кол койду.
201_-жылдын "__" _____________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилинде түзүлгөн, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Кайчы пикирлер чыкканда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| Катар Мамлекетинин Финансы министрлиги |