Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 688 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-ноябры № 811
Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга конкурс өткөрүүдөгү уюштуруу маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Спорттук журналисттер федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн начальниги.