Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-декабры № 556-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталып),
эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык спорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар спорт чөйрөсүндө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу колдоого алышат:
1. Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү эл аралык жана улуттук мелдештерге спортсмендеринин катышуулары;
2. Спорт жаатындагы тийиштүү институттардын, ассоциациялардын жана федерациялардын адистерин жиберишүү боюнча программалар;
3. Тийиштүү китепканаларындагы аудио-видео материалдарды жана документтерди алмашуу, ошондой эле дене тарбия жана спорт жаатында тажрыйба алмашуу;
4. Спорттук кадрларды даярдоо, ошондой Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү региондук, улуттук жана эл аралык конференцияларга, симпозиумдарга катышууга чакыруу аркылуу адистерди өнүктүрүү жана жиберишүү боюнча программалар.
2-берене.
Тараптар спорт чөйрөсүндө төмөнкүлөр аркылуу кызматташат:
1. Спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучулардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу жана спорттук институттар жана улуттук спорттук федерациялар аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин аймагында окутуу-машыгуучу жыйымдарды кезеги менен уюштуруу максатында кызматташуу;
2. Кызыкдар спорттук федерациялар аркылуу Тараптардын укуктарын камсыздагандай, машыктыруучуларга карата техникалык кызматташууну координациялоо;
3. Жогорку кесипкөй адистештирилген машыктыруучуларды окутуу үчүн Тараптардын спорттук институттарынын ортосунда кызматташууга көмөк көрсөтүү;
4. Тараптардын спорттук институттары менен улуттук спорттук федерацияларынын ортосунда техникалык жана административдик тажрыйбаларды алмашуу, алардын олимпиадалык комитеттеринин ортосунда түздөн-түз кызматташууга көмөктөшүү;
5. Эки тараптын улуттук командаларынын ортосунда визиттер менен алмашуу жана спорттук клубдарына түз байланыштарды түзүү маселелеринде көмөк көрсөтүү;
6. Спортко-массалык иш-чараларга катышуу жаатында техникалык жана административдик тажрыйбаларды алмашуу;
7. Спорттук медицина жана допингге каршы чаралар жаатында техникалык жана административдик тажрыйбаларды алмашуу.
3-берене.
Спорттук делегацияларды жиберишүүдө финансылык шарттар ар бир учурда тийиштүү спорттук институттар жана спорттук ассоциациялар тарабынан өз ара пайдалуу шарттарда консультацияларды өткөрүү аркылуу аныкталууга тийиш.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Сауд Аравия Королдугунун Башкы спорттук башкармалыгы ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартышат.
5-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында макулдашуучу Тараптардын өкүлдөрү зарылдыгына жараша жолугушуп турушат. Жолугушуулар дипломатиялык каналдар аркылуу координациялоо жолу менен өткөрүлөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуу спорт чөйрөсүндөгү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу үчүн негиз болуп саналат. Тараптардын бири да ушул Макулдашууга кол коюунун негизинде финансылык милдеттенмелерди албайт.
7-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын бүтүргөндүгү жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу ал күчүнө кирген датадан тартып беш жыл колдонулат. Эгерде Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу тийиштүү мезгилдин мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи тарапка жазуу түрүндө кабарлабаса Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилге/мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Макулдашуу бузулган учурда программаларга, долбоорлорго жана келишимдик мамилелерге же аткарылбай калган милдеттенмелерге тиешелүү маселелерге карата ушул Макулдашуу күчүндө калат.
201__-жылдын __________________ эки түп нускада, кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү үчүн |