Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 29-ноябры № 543-б
Россия Федерациясынын Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу № 2 протоколдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу № 2 ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тарап, жана Россия Федерациясынын Финансы министрлиги экинчи тарап, мындан ары Тараптар деп аталат, Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү тууралуу макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 7-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
- "9. Ош шаарынын Ленинград көчөсү боюнча Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин, жөө киши өтчү көпүрөнү, аятчасы менен курууну каржылоо.".
2-берене.
Бул Протокол ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
2017-жылдын "__" ____________ орус тилиндеги эки нускада түзүлдү, эки нуска тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Финансы министрлиги үчүн |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
| Россия Федерациясынын Финансы министринин орун басары |
А.Касымалиев |
| С.Сторчак |