Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-декабры № 562-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объекттери боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объекттери боюнча МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, коңшулаштыкта жана өз ара пайдалуу кызматташтыкта аракеттенишип, Тараптардын улуттук мыйзамдарына негизделип, 1992-жылдын 9-октябрындагы Укуктарды өз ара таануу жана жеке менчик мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга, 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимге ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
1. Кыргыз тарап:
1) ушул Макулдашууга кол коюлгандан тартып 5 айдын ичинде анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүүгө милдеттенет;
2) ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бир айдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан имараттарга жана курулмаларга Өзбекстан Республикасынын жеке менчик укугун тариздейт, атап айтканда:
"Бостери" пансионаты (Бостери айылы, мурдагы "Золотые пески");
"Алтын жай" пансионаты (Кара-Ой айылы, мурдагы "Рохат-НБУ");
"Энесай" пансионаты (Кара-Ой айылы, мурдагы "Дилором");
"Бустон" пансионаты (Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).
2. Өзбек тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында аталган объекттерге жеке менчик укугу таризделгенден кийин төмөнкүлөр боюнча чараларды көрөт:
1-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында аталган объекттерди, мүмкүн болушунча жыл бою иштеши менен 3 жана 4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине төрт жылдын ичинде жеткирүү;
жогоруда аталган объекттерди курууда жана пайдаланууда 80 пайызын Кыргыз Республикасымын жарандарын ишке алуу.
2-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
3-берене.
Ушул Макулдашуу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:
1) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чарба субъекттеринин ортосундагы эл аралык арбитраждарда турган бардык соттук талаштарын тынчтык түрдө жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлгандан кийин;
2) Зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Тараптардын билдирүүлөрүнүн акыркысын алган күндөн тартып.
__________________ шаарында 20__-ж. "__" ________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |