Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-январы № 3-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Башкортостан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Башкортостан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Башкортостан Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы),
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алуу менен,
Кыргыз Республикасы менен Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий тармактарда көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошууга умтулуп,
эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүдө жана кеңейтүүдө өз ара кызыкчылыгын эске алып,
келишимдик негиздин кеңейиши кийинки кызматташтыкка жагымдуу шарттарды камсыздаарына ишенип,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык Тараптардын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө ушул Келишимдин максаты болуп эсептелет.
2-берене.
Тараптар өз компетенциясынын чегинде жана соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий мамилелерди өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин эске алуу менен:
ири масштабдуу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты ишке ашырууга умтулушат;
ишкер чөйрөлөрдүн биргелешкен долбоорлорго катышуусун колдошот;
инвестициялык жана инновациялык ишти колдошот;
чет өлкөлүк инвестициялары (кыргыз жана россия капиталы менен) бар ишканаларды түзүүнү, Кыргыз Республикасынын жана Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) аймагында катталган уюмдардын өкүлчүлүктөрүн жана туунду компанияларды ачууну колдошот;
соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий тармактарда кызыкдар уюмдардын, тармактык жана ишкер ассоциациялардын ортосундагы байланыштардын түзүлүшүнө жана кызматташууга өбөлгө түзүшөт;
соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий тармактарда маалымат алмашууну, Тараптардын өз ара барып келүүлөрүн жана жолугушууларын колдошот;
консультациялык жана эксперттик кызматтарды көрсөтүшөт;
спорт тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө түзүшөт, спорттук делегациялардын тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт;
Кыргыз Республикасынын жана Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жармаңке жана көргөзмөлөргө катышуусун, семинарларды, симпозиумдарды жана конференцияларды уюштуруусун колдошот;
өз ара кызыкчылык жараткан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө чакан жана орто бизнестин ролун жогорулатууга көмөктөшүшөт.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык корголуучу мамлекеттик, коммерциялык жана башка купуя сырларды камтыган маалыматтарды алмашпайт. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана үчүнчү тарапка берүүсү мүмкүн.
4-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы бардык өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
6-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана ушул Макулдашуунун 7-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылга чейин колдонулат. Андан ары ушул Макулдашуунун колдонулушу эгерде анын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен Тараптардын бири өзүнүн аракетин токтотуу жөнүндө ниетин жазуу жүзүндө башка Тарапка билдирбесе, анда кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
Ушул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу контракттарды, макулдашууларды, протоколдорду жана программаларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди козгобойт.
____________ шаарында 2017-жылдын "__" ________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана башкыр тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Башкортостан Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы) үчүн |