Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-январы № 35-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чегирткеге, башка айыл чарба зыянкечтерине жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүүдө коргоо иш-чараларын өткөрүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж.Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чегирткеге, башка айыл чарба зыянкечтерине жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүүдө коргоо иш-чараларын өткөрүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, айыл чарба өсүмдүктөрү жана жайыттар үчүн чегирткенин, башка айыл чарба зыянкечтеринин жана өсүмдүктөрдүн ылаңынын өзгөчө кооптуулугун эске алып, Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстан Республикасындагы түшүмдүн жоготууларын алдын алуу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин чектеш аймактарына алардын миграциясын болтурбоо максатында, өсүмдүктөрдү коргоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү ниетинде төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Түшүмдүн жоготууларына жол бербөө максатында, Тараптар мамлекеттеринин чектеш аймактарында чегирткеге, башка айыл чарба зыянкечтерине жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүү иш-чараларын уюштуруу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.
Биргелешкен жумушчу топтун иш тартиби, мүчөлөрүнүн курамы жана анын иши менен байланышкан маселелер Тараптардын ортосундагы дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.
2-берене.
Тараптар мамлекеттик же Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен корголуучу сыр болуп саналган маалыматтардан тышкары илимий изилдөөлөр, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жана Тараптардын мамлекеттеринин чектеш аймактарынын фитосанитардык абалы жаатында дайыма маалымат алмашып турат.
3-берене.
Тараптардын тиешелүү мамлекеттик органдары өздөрүнүн чек арага жанаша аймактарында төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- чегирткенин, башка зыянкечтердин жана өсүмдүктөрдүн ылаңы чыккан жерлерди текшерүү;
- чегирткеге, башка айыл чарба зыянкечтерине жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн, методдорун жана технологияларын, ошондой эле пайдаланылуучу пестициддердин ассортиментин аныктоо.
4-берене.
Чегирткенин жана башка зыянкечтердин массалык көбөйүү очокторунда алардын активдешүүсү байкалган учурларда Тараптар бири-бирине дароо маалымдашат жана өздөрүнүн мамлекеттерине экономикалык зыян келтирбөө максатында аларды жок кылуу боюнча өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында иш-аракеттерди өз ара координациялоого киришет.
5-берене.
Тараптар пестициддерди өз убагында сатып алуу жана өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында чегирткенин, башка айыл чарба зыянкечтердин жана өсүмдүктөрдүн ылаңынын массалык көбөйүү очокторун жок кылуу боюнча чараларды көрүшөт, чегирткени, башка айыл чарба зыянкечтерин жана өсүмдүктөрдүн ылаңын жок кылуу боюнча тажрыйба алмашат.
6-берене.
Чегирткеге, башка айыл чарба зыянкечтерине жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүү боюнча иштерди ыкчам жүргүзүү максатында, зарыл болгон учурларда Тараптар бири-бирин өз ара колдоп, техникалык жардам көрсөтүшөт, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык айыл чарба авиациясын учуруу боюнча маселелерди өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде чечүүгө жөндөм түзүшөт.
7-берене.
Тараптар зарыл болгондо мамлекеттердин чек аралык аймактарында чегирткенин, башка айыл чарба зыянкечтеринин жана өсүмдүктөрдүн ылаңынын очокторун жок кылуу боюнча отряддарды уюштуруу чараларын көрүшөт.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурларда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
10-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгерде Тараптардын бири экинчи тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө, кезектеги мезгил бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен, башка Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтпөгөн учурда, ал өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
201__-жылдын "__" ________ ___________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурларда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн | |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри | Тажикстан Республикасынын Айыл чарба министри |