Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-февралы № 40-б
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ЖЭБинде (мындан ары - Бишкек шаарынын ЖЭБи) Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө жылуулук энергия берүү менен байланышкан штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо максатында:
1. Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктасын жана аларды талдоонун негизинде:
2017/2018-жылдын жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо боюнча биринчи кезектеги кечиктирилгис чаралардын тизмесин түзсүн;
республиканын жылуулук менен камсыздоо ишинин туруктуулугун жогорулатуу жана мындан ары ушул сыяктуу кырдаалдарга жол бербөө боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;
Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болушуна күнөөлүү адамдарга карата белгиленген тартипте чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары айткан сунуштарга талдоо жүргүзсүн жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын ишине зарыл болгон материалдарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Тиркеме
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын терагасы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Арапбаев Азамат Абдуллажанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Байбакпаев Экмат Журукпаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Асылбек уулу Дамирбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Субанбеков Бакирдин Жамалович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир Бол" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Токтошев Эмил Токтакунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча); |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Чоткараев Дуйшенбек Озонович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Коррупцияга каршы кызматтын директору; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Тулебердиев Ренат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Акматалиев Адилет Искендербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Талканбаев Баатыр Зарылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын начальниги; |
Обозов Алайбек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директору; |
Мавлянбеков Шавкат Урунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун бөлүмүнүн башчысы; |
Курганов Михаил Владимирович | - | "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Залялов Юлдуз Фарманович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Алимбек Анарбекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кравцов Николай Лукьянович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Бочко Сергей Николаевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Калмамбетов Автандил Исмаилович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Васильев Лев Алексеевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Батаканов Мирбек Топчуевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |