Редакцияот 25.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 25-июлу № 308-б

2017-жылдын 27-28-июлунда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Үрүмчү шаарында өткөрүлүүчү Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобунун (мындан ары - Координациялык топ) тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Координациялык топтун кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Координациялык топтун кыргыз бөлүгү 2017-жылдын 26-30-июлунда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобунун тогузунчу жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Чодуев Эркинбек Ураимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Рыскулов Улан Дуулатович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Акышев Курманбек Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору;

Салибаев Тилек Тынычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Жумалиев Зайнидин Калидинович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси;

Орусбаев Искендер Абдыкадырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары;

Джеенбекова Надира Бабырбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги, Координациялык топтун катчысы.