Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-апрели № 101-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кызыл Крест эл аралык комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кызыл Крест эл аралык комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - ССМ) жана Кызыл Крест эл аралык комитети (мындан ары - ККЭК), мындан ары - Тараптар деп аталышып,
жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү, адам укуктарын, демократиялык принциптерди сактоо боюнча көрүлгөн аракетти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы (мындан ары - УКЖ) адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо долбоорун колдоо боюнча (мындан ары - Долбоор) Тараптардын кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин көңүлгө алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты;
1-берене. Ушул Меморандумда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
"Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча базалык пакет" - пилоттук УКЖда камакка алынган ар бир адамды алгачкы медициналык текшерүүдөн өткөрүү, кечиктирилгис медициналык жардам берүү жана клиникалык протоколдорго ылайык аныкталган ооруларды дарылоо;
"Үй-бүлөлүк медицина борбору" - амбулатордук шарттарда калкка алгачкы жана адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун алгачкы деңгээлдеги мамлекеттик дарылоо жана алдын алуу уюму;
"Медициналык пункт" - алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо үчүн арналган пилоттук УКЖнын имаратындагы жай;
"Пилоттук УКЖ" - Бишкек шаарынын ИИББ, Балыкчы шаарынын ИИБ, Жалал-Абад шаарынын ИИБ, Кара-Суу районунун ИИБ, Кызыл-Кыя шаарынын РШБ; Сокулук, Жайыл, Ноокен, Ысык-Ата райондорунун ИИБ жана Ош шаарынын ИИБ УКЖлары;
"Медициналык кызматкер" - пилоттук УКЖнын медициналык кызматында иштеген тийиштүү жогорку же орто кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ адам;
"Долбоорго мониторинг жүргүзүү тобу" - Үй-бүлөлүк медицина борборунун (мындан ары - ҮМБ) дарыгерлеринин жана орто медициналык персоналынын арасынан, ССМден жана ИИМден тандалып алынган Долбоорго мониторинг жүргүзүү, медициналык персоналды жеринде окутуу жана отчет берүү үчүн жооптуу жергиликтүү деңгээлдеги (облус же район) топтор;
"ВТЖТ" - пилоттук долбоордун ишке киргизилишин жана жыйынтыктоочу баалоосун контролдоо боюнча ведомстволор аралык техникалык жумушчу топ, анын курамы ИИМдин жана ССМдин биргелешкен буйругу менен бекитилет.
2-берене. Максаттар жана колдонуу чөйрөсү
Бул Меморандумдун максаты он пилоттук УКЖдагы кармалган адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу болуп эсептелет.
Бул Меморандум Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын он УКЖсында: Бишкек шаарынын ИИББсында, Балыкчы шаарынын ИИБинде, Жалал-Абад шаарынын ИИБинде, Кара-Суу шаарынын ИИБинде, Кызыл-Кыя шаарынын ИИБинде; Сокулук, Жайыл, Ноокен, Ысык-Ата райондорунун ИИБдеринде жана Ош шаарынын ИИБинде алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакетин сунуштоо боюнча пилоттук программага катышкан Тараптар үчүн өз ара макулдашылган шарттарды, мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду чагылдырат.
Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн базалык пакети төмөнкүлөргө кепилдик берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ооруларды өз убагында аныктоого жана скрининг системасын жүргүзүүгө;
- бекитилген статистикалык отчеттун формасына ылайык ооруларды эсепке алууга жана каттоого;
- бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык тиешелүү дарылоого;
- медициналык кызматкерлерди (врачтарды жана медайымдарды) практикалык көндүмдөргө окутууга;
- пилоттук он УКЖны негизги дары-дармек каражаттары менен камсыздоого.
3-берене. Жалпы жоболор
Бул Меморандумда каралган кызматташууну ишке ашыруу жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Тараптар жумушчу жолугушууларды уюштурушат, өкүлдөр менен өз ара алмашып, зарыл болгон кошумча документтерди беките алышат.
Тараптар ушул Меморандумдун аткарылышы үчүн жооптуу болгон бирден өкүлдү дайындашат.
Тараптар ушул Меморандумдун шарттарын ишке ашыруу жана аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында ишти үзгүлтүксүз жүргүзүшөт жана координациялашат.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ролу
ИИМ төмөнкүлөргө жооптуу:
- долбоорду ишке ашыруу максатында зарыл болгон ички буйруктарды жана нускамаларды үзгүлтүксүз чыгарууга;
- өкүлүн ВТЖТ мүчөсү кылып дайындоого;
- ар бир пилоттук УКЖда медициналык пунктту уюштуруу үчүн жай берүүгө;
- пилоттук УКЖда медициналык кызмат көрсөтүүдө кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүн жокко чыгарган шарттарды медициналык кызматкерлерге түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык кароонун жана медициналык жазуулардын купуялуулугун камсыздоого;
- медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого жана алар өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздук, сактык жана купуялуулук шартында аткаруу үчүн талаптагыдай иш шарттарын камсыз кылууга;
- пилоттук УКЖда кармалган адамдардын медициналык кызматкерлерге жетүүсүн камсыздоого;
- Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобуна Долбоордун алкагында зарыл болгон маалыматты берүүгө;
- ККЭК тарабынан уюштурулуучу тренингдерге жана семинарларга ИИМ/УКЖ кызматкерлеринин катышуусун камсыздоого;
- ар бир УКЖ үчүн Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүн дайындоого;
- ССМ жана. ККЭК Долбоорду биргелешип баалоого жана биргелешкен жыйынтыктоочу отчетту түзүүгө;
- УКЖнын медициналык пунктун багыты боюнча пайдаланууга, ошондой эле медициналык бөлмөнү, ККЭК тарабынан пилоттук УКЖга берилген медициналык жабдууну, эмерек буюмдарын, медициналык сарптоо материалдарын талаптагыдай кармоону камсыз кылууга.
УКЖнын кызматкерлери медициналык ишке аралашууга жана медициналык кызматкерлер өздөрүнүн иш милдеттерин аткарып жаткан мезгилде аларга тоскоолдуктарды жаратууга укугу жок.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ролу
ССМ төмөнкүлөргө жоопту:
- камакта кармоо жайлары жана ал жакта кармалган адамдар үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган жана ССМ адаптациялаган Дары препараттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитүүгө;
- керектүү буйруктарды жана нускамаларды үзгүлтүксүз чыгарууга, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруу маселеси боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- өзүнүн өкүлүн техникалык жумушчу топко мүчө кылып дайындоого;
- пилоттук УКЖда кармалган адамдарга алгачкы медициналык-санитардык жардамды берүү үчүн медициналык кызматкерлерди дайындоого;
- Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту жана ККЭК биргелешип уюштурушкан тренингдерге жана семинарларга пилоттук УКЖларда медициналык кызмат көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлердин катышуусун камсыздоого;
- ар бир пилоттук УКЖда Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобуна мүчө кылып өзүнүн өкүлдөрүн дайындоого;
- долбоордун алкагында Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобуна керектүү маалыматтарды берүүгө;
- пилоттук он УКЖда медициналык кызмат көрсөткөн медициналык кызматкерлердин отчетторун алгачкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын стандарттуу жылдык отчетторуна киргизүүгө;
- долбоорду биргелешип баалоого, ИИМ жана ККЭК менен биргеликте жыйынтыктоочу отчетту түзүүгө;
- пилоттук УКЖда кармалган адамдарды аймактык Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна Мамлекеттик кепилдиктер программасына жана Кыргыз Республикасынын калкын үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторуна каттоо эрежелерине ылайык каттоону уюштурууга;
- камакта кармоо жайлары жана ал жакта кармалган адамдар үчүн ылайыкталган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган Дары препараттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин ИИМ менен биргеликте иштеп чыгууга жана бекитүүгө, ошондой эле аларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга;
- УКЖнын медициналык пунктун багыты боюнча пайдаланууга, ошондой эле медициналык бөлмөнү, ККЭК тарабынан пилоттук УКЖга берилген медициналык жабдууну, эмерек буюмдарын, медициналык сарптоо материалдарын талаптагыдай кармоону камсыз кылууга.
Медициналык кызматкерлер өз иш милдеттеринин чегинде иштеши керек жана УКЖнын ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү.
6-берене. Кызыл Крест эл аралык комитетинин ролу
ККЭК төмөнкүлөргө жооптуу:
- УКЖларда медициналык кызмат көрсөткөн медициналык кызматкерлерге ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү максатында пилоттук он УКЖнын ар биринде медпункт түзүүгө, тактап айтканда курулуш-оңдоо иштерине көмөк көрсөтүүгө;
- зарыл болгон медицина жабдууларын, эмерек буюмдарын, алгачкы жардам көрсөтүүчү топтомун, медициналык сарптоо материалдарын берүүгө;
- пилоттук УКЖ кызматкерлери үчүн алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди уюштурууга;
- пилоттук УКЖларда медициналык жардам көрсөткөн медициналык кызматкерлерге абактарда ден соолукту сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча семинарларды өткөрүүгө;
- отчеттук маалыматтарды жыйноо үчүн медициналык кызматкерлерге шаймандарды берүүгө;
- пилоттук УКЖда кармалган адамдарга алгачкы медициналык санитардык жардам көрсөтүү үчүн, ага бекитилген ҮМБнын медициналык кызматкерлерине ушул долбоор үчүн ККЭКнын финансылык мүмкүнчүлүгүнүн лимитине жараша, түз контракт түзүү жолу менен алардын кызматтык маянасына үстөк акы түрүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө;
- мониторинг жүргүзүү тобунун түзүлүшүнө жардам берүүгө жана анын ишин колдоого;
- ВТЖТ жана Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобунун жолугушууларына катышууга;
- ИИМ жана ССМ өкүлдөрү менен бирдикте Долбоорду биргелешип баалоо жана жыйынтыктоочу отчетту түзүү ишине катышууга.
ККЭКнын андан аркы багыты болуп долбоордун туруктуулугун кармоо жана Кыргыз Республикасынын ИИБ УКЖда кармалган адамдарга баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн потенциалын жогорулатуу саналат.
ККЭК Долбоорду ишке ашыруу процессин жакшыртуу максатында зарыл болгон консультацияларды берүү жана кошумча тренингдерди уюштуруу жөнүндө Тараптардын суранычын кароого алышы мүмкүн.
7-берене. Баалоо жана отчет берүү
Долбоорду ишке ашыруунун мониторингин жана отчет берүү процессин Тараптар баа берүү сыяктуу эле үзгүлтүксүз негизде жүргүзөт.
Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобу төмөнкүлөрдү аткарат:
- долбоордун натыйжалуулугун баалоонун иштелип чыккан критерийлерине ылайык он пилоттук УКЖда долбоорго үзгүлтүксүз негизде баа берип турууну (кеминде үч айда бир жолу);
- медициналык кызматкерлердин алгачкы медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн базалык пакетинин сапатын байкоону;
- долбоордун бардык он пилоттук УКЖнын иши жөнүндө расмий отчетторун баалоо аркылуу камакка алынгандардын ден соолугуна Долбоордун тийгизген таасирин контролдоону;
- отчетторду берүү жана Долбоор боюнча мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо маселелери боюнча он пилоттук УКЖнын жетекчилиги менен жолугушат.
Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобу отчетторду ВТЖТга берүүгө тийиш, ал аны бекитип, андан ары Тараптарга жиберет.
Пилоттук фазанын аякташы менен ВТЖТ Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобунун отчетуна негизделген жыйынтыктоочу отчетту берет.
8-берене. Каржылоо жоболору
Бул Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу иш-чараларды аткарууда, Меморандумдун 6-беренесине тиешелүү бардык чыгымдарды, ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана ВТЖТ өкүлдөрүнө баа берүү үчүн Долбоордун мониторинг жүргүзүү тобунун жана УКЖнын биргелешкен иш сапарларынын транспорттук чыгымдарын ККЭК өзүнүн финансылык ресурстарынын чегинде төлөп берет.
Бардык курулуш-оңдоо иштери, берилген жабдуулар жана эмерек буюмдары Тараптар кол койгон Тартуулоо сертификатында документтештирилет.
9-берене. Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары
Долбоордун иштеши жана аткарылышы тууралуу коомчулукту маалымдоо максатында коомчулук менен байланыш (улам өтүүчү брифингдер жана/же пресс-конференциялар) Тараптардын макулдугу менен гана өткөрүлүшү мүмкүн. Ар кандай маалыматтын жарыяланышын жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыштарды Тараптар макулдашып жүргүзүшөт. Долбоорго байланыштуу маалыматты берүү жөнүндө үчүнчү жактардын суроо-талаптары ачык айтылуусу зарыл жана Тараптар аларды талкуулоого тийиш.
10-берене. Меморандумду колдонуу мөөнөтү, аны токтотуп туруу
Бул Меморандум Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 12 (он эки) айдын ичинде колдонулат, ал жыл сайын, бирок үч жолудан ашык эмес узартылышы мүмкүн. Эгерде Тараптардын кимиси болбосун, башка Тарапка ушул Меморандумду колдонуу мөөнөтүнүн аякташына чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө Меморандумду токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, анда ушул Меморандум автоматтык түрдө кийинки мөөнөткө узартылган болуп эсептелет.
Ар бир Тарап ушул Меморандумдан чыгуу үчүн болжолдонгон күнгө чейин үч айдан кечиктирбестен өзүнүн ниети жөнүндө башка Тараптарга жазуу жүзүндө билдирүү менен ушул Меморандумдан чыгууга укуктуу.
Тараптардын бири бул Меморандумдан чыккан учурда, анын күчү ар бир Тараптын долбоорду аткаруу боюнча өз ара доолорун көрсөтпөстөн токтотулат.
11-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү, пикир келишпестиктерди чечүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор бул Меморандумга киргизилиши мүмкүн.
Бул Меморандумдун жоболорун колдонуу же чечмелөө боюнча Тараптардын ортосундагы талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын предмети болуп эсептелет.
Бул Меморандумдун жоболору Тараптардын башка көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларына карата милдеттенмелерине таасир этпеши керек.
2017-жылдын "___" ____________________ Бишкек шаарында кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч түп нускада түзүлдү. Бардык үч текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ. Кыргыз, орус жана англис тексттеринин ортосунда келишпестиктер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
У.Исраилов |
| Т.Батыралиев |
|
|
|
Кызыл Крест эл аралык комитети үчүн |
|
|
________________________________ |
|
|