Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу № 274-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-жылга мүчөлүк, үлүштүк акылар төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Тизмеге киргизилген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк акыларды Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин каражатынан төлөсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Тиркеме
2018-жылга мүчөлүк, үлүштүк акылар төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
| Уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин аталышы | 2018-жылга республикалык бюджетте каралган (сом) |
1 | Евразия экономикалык бирлиги | 191617915,27 |
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети | 7443540,00 |
3 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан Өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдындагы Интернационалист жоокерлердин иштери боюнча комитет | 61170,00 |
4 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1565330,00 |
5 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары | 9000000,00 |
6 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 48639848,40 |
7 | Парламенттер аралык союз | 741734,24 |
8 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы | 17219800,00 |
9 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | 136817,05 |
10 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы | 5110424,41 |
11 | Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик союзу | 787600,00 |
12 | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 2506000,00 |
13 | Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу операциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык трибуналдары | 2506000,00 |
14 | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 2638686,28 |
15 | Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туристтик уюму | 4279531,42 |
16 | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 8143676,56 |
17 | Бириккен Улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму | 4080218,40 |
18 | Дүйнөлүк метеорология уюму | 3022478,75 |
19 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 7513861,36 |
20 | Эл аралык эмгек уюму | 4791665,82 |
21 | Эл аралык жарандык авиация уюму | 3308023,12 |
22 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | 179639,37 |
23 | Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы | 24925868,86 |
24 | Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү | 16010683,64 |
25 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 1928115,54 |
26 | Ислам кызматташтык уюму | 13534977,60 |
27 | Кылмышты иликтөө полициясынын эл аралык уюму | 1426125,91 |
28 | Миграция боюнча эл аралык уюм | 69144,04 |
29 | Дүйнөлүк соода уюму | 2714180,33 |
30 | Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссия | 281606,85 |
31 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай коомдорунун Эл аралык Федерациясы | 131963,50 |
32 | Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы | 11904465,00 |
33 | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 23714225,87 |
34 | Ислам өнүктүрүү банкы | 11130796,38 |
35 | Азия өнүктүрүү банкы | 9506351,03 |
36 | Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши | 7427535,00 |
| Баардыгы | 450000000,00 |