КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2018-жылдын 27-ноябры № 181
Жеке дене тарбия-спорт уюмдарынын жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багыттагы коомдук бирикмелердин ишине комплекстүү талдоо жүргүзүү, алардын ишин тартипке салуу жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- жеке дене тарбия-спорт уюмдарынын жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багыттагы коомдук бирикмелердин ишин тартипке салуу жана оптималдаштыруу максатында комплекстүү талдоо жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча маалымкат даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына дайындуу сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн керектүү материалдарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Ш.У.Асымбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Саралаева Жанна Урматовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Арпачиев Канатбек Макенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Есеналиев Максатбек Күлчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Абакиров Элдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Чечейбаев Эркин Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Эрмеков Асылбек Кадырмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары; |
Досматов Камчыбек Султанмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн социалдык өнүктүрүү секторунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору; |
Тагаев Мыктыбек Исманалиевич | - | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорттук жана тарбия иштери боюнча проректору; |
Касенов Шаршен Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын олимпчилер Ассоциациясынын президенти, "Дордой" спорттук клубунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ибраимов Эржигит Мырзабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти. |