КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-декабры № 432-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Бердалиев Шамиль Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыжапаров Аскарбек Самийбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Алмакунов Азамат Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Эшимбеков Аскар Эркинович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |