Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 14-декабры № 434-б
Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окуу борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окуу борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - МБК)(1) жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму(2) (мындан ары - БДБУ):
Сооданын жана региондук интеграциянын глобалдуу кеңейишине байланыштуу, бажы администрацияларына жүктөлгөн милдеттердин көлөмү көбөйгөнүн түшүнүшүп;
Соодага көмөктөшүү жана БДУБнын бажы администрацияларынын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу зарылчылыгына негизденишип;
Эл аралык жана региондук кызматташууну бажы администрацияларынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи катары таанышып;
Негизги эл аралык конвенцияларды, сунуштарды жана бажы администрацияларынын иштерине тиешелүү башка документтерди бирдей аткаруу үчүн окутуучу жана техникалык жардам зарыл экенин таанышып;
БДБУ Уюмдун мүчөлөрүнө зарыл жана максатка багытталган окутуучу жана техникалык жардам көрсөтүп жатканын таанышып;
БДБУ мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө БДБУнун ишине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын маанилүү ролун жана орчундуу потенциалын таанышып;
Төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Региондук деңгээлде институттук өнүгүү боюнча жалпы максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн тараптардын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү үчүн, мындан ары "Окуу борбору" деп аталуучу, Адистештирилген-окутуучу бажынын(3) базасында Кыргыз Республикасында БДБУнун Региондук окуу борборун түзүү ушул Меморандумдун максаты болуп саналат.
2-берене.
Ушул Меморандумдун 1-беренесинде айтылган максаттарга жетүү үчүн Тараптар региондук окутуучу тренингдерди, семинарларды, техникалык көмөк көрсөтүү боюнча жолугушууларды өткөрүшөт, соңку илимий-техникалык маалыматтарды алмашышат жана бажы маселеси боюнча башка иш-чараларды өз ара пайдалуу негизде өткөрүп турушат.
3-берене.
МБК Окуу борборунун биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон окуу класстарын, окуу жабдыктарын, турак жайларын жана кеңешме залдарын БДБУга акысыз негизде пайдаланууга берет.
4-берене.
МБК Окуу борборуна жетекчиликти ишке ашырууну жана аны улуттук, эл аралык деңгээлдерде программаларды өткөрүү үчүн пайдаланууну улантат.
5-берене.
1. Тараптар Окуу борборун пайдалануу боюнча иш-чаралардын пландарын алмашып турушат. БДБУ ар бир пландалган иш-чарага кеминде 2 ай калганда алдын ала билдирүү жиберүүгө, ошондой эле тастыктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
2. Ушул Меморандумга кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде, Тараптар ушул Меморандумду ишке ашырууга байланышкан маселелерди координациялоо үчүн өз ара байланышта иштешүү боюнча кызматкерлерди дайындашат.
6-берене.
Ушул Меморандумду жүзөгө ашыруу максатында эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүдө БДБУ пландарга ылайык, зарыл болгон учурда Окуу борборуна илимий, практикалык жана техникалык көмөк көрсөтөт.
7-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында каралган иш-чараларды финансылык камсыздоо ар бир конкреттүү учурда Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча чечилет.
8-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө жана ишке ашырууда пайда болгон талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет.
9-берене.
1. Ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум биринчи Тарап экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү алган датадан тартып алты ай өткөндөн кийин жарактуулугун токтотот.
3. Ушул Меморандум Тараптардын эки тараптуу макулдашуусу боюнча жазуу жүзүндө толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
2018-жылдын "__" __________ _____________ шаарында, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада кол коюлду жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу талаштар пайда болгон учурда, англис тили артыкчылыктуу күчкө ээ.
(1) Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720020, Байтик баатыр көч., 4а;
(2) Бажылык кызматташуу кеңеши катары 1952-ж. түзүлгөн.
Рю дю Марш, 30, В-1210, Брюссель ш., Бельгия;
(3) Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское а., Коммунар көч. 91а.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму үчүн |