Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 14-марты № 51-б
2019-жылдын 15-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 81-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 81-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы; |
Маметов Рустам Асхатович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 3-катчысы. |