Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2019-жылдын 24-октябры № 627

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимин кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 781 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Омурбекова Алтынай Сейтбековна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Аманкулов Канат Маратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Алишеров Эльдар Туралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Баетов Батыркул Исаевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Акматалиев Мирбек Акматалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Парханов Мирлан Абдивалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Актан Арым Кубат

-

кинорежиссер (макулдашуу боюнча);

Озубеков Акылбек Абазович

-

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

Калыбеков Нурланбек Осконалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бегалиев Муратбек Акимович

-

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;

Садыков Тургунбай Садыкович

-

Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын көркөм сүрөт академиясынын президенти;

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич

-

"Ынтымак" олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору;

Тынаев Азамат Жанузакович

-

"Журналисттер" коомдук уюмунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Алымбеков Айдар Бакытович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Комиссиянын катчысы.