Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 15-январы, № 7-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору жөнүндө тиркелген протоколдун (карта 1:200 000) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору жөнүндө протокол (карта 1:200 000)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталуучу) 2001-жылдын 15-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине ылайык чек ара өкүлдөрүнүн ишинин мамлекеттик чек арасынын төмөнкүдөй участокторун аныктоого макулдашышты:
Кыргыз Республикасы тарабынан:
Ысык-Көл участогу боюнча - 6995 белгисинен (Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кесилиш чекитинен) [42°12'36.4" т.к. жана 80° 10'31.1" ч.у. геодезиялык координаталары менен] 4642 (5280) белгисине чейин [42°54'56.5" т.к. и 77" 13'23.1" ч.у. геодезиялык координаталары менен];
Чуй участогу боюнча - 4642 (5280) белгисинен [42°54'56.5" т.к. и 77°13'23.1" ч.у. геодезиялык координаталары менен] 4315 (9676) белгисиндеги геодезиялык пунктуна чейин [42°25'28.6" т.к. и 73°30'22.8" ч.у. геодезиялык координаталары менен];
Талас участогу боюнча - 4315 (9676) белгисиндеги геодезиялык пунктунан [42°25'28.6" т.к. и 73°30'22.8" ч.у. геодезиялык координаталары менен] 4131 белгисине чейин [42°15'48.6" т.к. и 70°56'42.0" ч.у. геодезиялык координаталары менен] (Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кесилиш чекити).
Казакстан Республикасы тарабынан:
Алматы участогу боюнча - 6995 белгисинен (Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек араларынын кесилиш чекитинен) № 36 чек ара белгисине чейин (Кастек ашуусу);
Кордай участогу боюнча - № 36 чек ара белгисинен (Кастек ашуусу) № 158 чек ара белгисине чейин;
Тараз участогу боюнча - № 158 чек ара белгисинен № 4131 белгисине чейин (Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын кесилиш чекити).
Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон Тараптардын мамлекет ичиндеги жол-жоболорунун аткарылгандыгы
жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана өзүнүн колдонулушун 2001-жылдын 15-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү менен бир убакта токтотот.
_______ шаарында 201_______-ж. "______"_______эки
нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилинде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп эсептелет.
Тексттерде айырмачылыктар кездешсе, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
_______________________________________ _______________________________________