Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 20-марты № 91-б

Калкты дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттар менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 92-95-пункттар менен толукталсын:

"92. "ИВАМЕД" жоопкерчилиги чектелген коому

93. "АЮ Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому

94. "FB-Kompanie G.m.b.H" жоопкерчилиги чектелген коому

95. "Кыргыз мед" жоопкерчилиги чектелген коому".

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев