РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 3-августундагы № 300 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө) буйругу

Редакцияот 03.08.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 3-августу № 300

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:

Абдымомунова Галия Кошоевна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмүнүн башчысы;

Жолдошева Сабыргул Хамракуловна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламенттер, стандарттар жана ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Ахметов Уран Тулондиевич

-

"Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташууга көмөктөшүү" кызматташуу боюнча немис агенттигинин долбоорунун эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Ильясов Нуржамал Сатаровнага

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги;

Осмоналиев Медербек Каныбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын макроэкономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Саарбек уулу Нурланга

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын мониторинг, талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн улук инспектору;

Шатманалиев Кубат Шаршенбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик саясаты башкармалыгынын лицензиялык уруксат берүү иши жана ЖТТ бөлүмүнүн башкы адиси.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов