КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 318-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы Атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтык жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 9-сентябры № 318-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы Атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгу мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга карты жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга карты комитетинин ортосундагы Атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитета атаандаштык саясат жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалоону билдирип, тендик жана өз ара пайда принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, рынок экономикасын натыйжалуу өнүктүрүүдө атаандаштыктын ролун баса белгилөө менен төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене
Ушул Меморандумдун максаты болуп атаандаштык саясаты жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана чындоо саналат.
2-берене
Тараптардын өз ара кызыкчылыктарына ылайык кызматташуу төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
- атаандаштык саясатынын укуктук негиздерин өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу;
- атаандаштык мыйзамдарын бузуу жөнүндө иштерди териштирүү жана кароо жаатында тажрыйба алмашуу;
- атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик бийликтин улуттук органдары менен Тараптардын өз ара аракеттенүүсү жаатында тажрыйба алмашуу;
- товардык рыноктордо изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде чек аралар аралык рыноктордо өнүктүрүүнү талдоодо өз ара аракеттенүү;
- атаандаштыкты адвокатташтыруу жаатында тажрыйба алмашуу; монополияга каршы мыйзамдар жана атаандаштык саясат
чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын көп тараптуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
3-берене
Ушул Меморандумдун 2-беренесинде аталган кызматташтыктын багыттарын ишке ашыруу максатында Тараптар кызматташуусу төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларга же коммерциялык сырга кирбеген атаандаштык жаатындагы мыйзамдардагы, эрежелердеги жана айрым сот иштериндеги езгеруулор жөнүндө маалымат алмашуу;
- адистерди, анын ичинде сот иштери менен иштегендерди кесиптик окутуу үчүн стажировкаларды жана окуу сапарларын өткөрүү;
Тараптар уюштурган конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- эксперттердин кеңешмесин же эки тараптуу кызыкчылыкты билдирген конкреттүү маселелер боюнча жашыруун эмес маалыматтарды оперативдүү алмашууну камсыз кылган Тараптардын адистеринин ортосунда кеңеш берүүлөрдү өткөрүү;
- Тараптардын мамлекеттеринде жарыяланган атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү илимий адабияттарды, илимий-практикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын алмашуу;
- кызматташтыктын келечегин жана багыттарын талкуулоо үчүн Тараптардын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушууларын жана сапарларын уюштуруу.
4-берене
Ушул Меморандумдун алкагында кызматташтык боюнча иш-чараларды координациялоо жана жашыруун эмес мүнөздөгү маалыматтарды берүү почта жана/же электрондук почта аркылуу же болбосо Тараптардын эксперттеринин же адистеринин кеңеш берүүлөрүндө орус тилинде ишке ашырылат.
5-берене
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптардын өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз алдынча тартышат.
6-берене
Ушул Меморандумду чечмелөө жана колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене
Ушул Меморандум белгисиз мөөнөтко түзүлөт жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын кайсынысы болбосун бул жөнүндө экинчи Тарапка кабарлоо менен жазуу жүзүндө ушул Меморандумдун колдонулушун токтото алат. Меморандумдун колдонулуу мөөнөтү Меморандумду бузуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып үч айдан кийин аяктайт.
9-берене
__шаарында, 2020-жылдын ___ ___ ___ эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги үчүн
| Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитети үчүн
|