РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 303-б (Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө) буйругу

Редакцияот 02.09.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 2-сентябры № 303-б

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

1) Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору;

2) Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Зайым жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

К.А. Боронов