КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-октябрындагы № 344-б (Жакыр үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлук азык-тулук программасыныы алкагында келүүчү гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-октябры № 344-б
Жакыр үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлук азык-түлүк программасынын алкагында келүүчү гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ош шаары, Ишматов көч., 26 жана Ишматов көч., номерсиз үй (3-уч.) дареги боюнча жайгашкан имараттагы жалпы аянты 3847,8 кв.м болгон азык-түлүк товарларын сактоо үчүн пайдаланылган турак эмес жайларды (кампаларды) жана жанаша аймагын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарпарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Ч.Валиханов кеч., 15/1 дареги боюнча жайгашкан аянты 852 кв.м жана 462 кв.м болгон азык-түлүк товарларын сактоо үчүн пайдаланылган турак эмес жайларды (кампаларды) жана жанаша аймагын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти:
тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларда ун жана өсүмдүк майын жүктөө жана түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү;
Бишкек жана Ош шаарларындагы кампалардан ун жана осумдук майын республиканын региондоруна ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү;
- ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган кампалык жайлардын коммуналдык кызматтарын жана кармоо боюнча эксплуатациялык чыгымдарын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен төлөсүн;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) катышуусунда ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган кампалык жайларды ондоо жана аларды тиешелүү жабдуу менен камсыздоо менен байланышкан маселелерди чечсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2020-жылдын 20-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А.Боронов |